Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:03

ИРАН ТУҢГУЧ КОСМОСТУК РАКЕТАСЫН УЧУРДУ


Ирандын мамлекеттик сыналгысынын маалымдашынча, өлкөнүн туңгуч космостук ракетасы ийгиликтүү түрдө космос мейкиндигине чыгарылды. Расмий Тегеран бул иш-чара эл аралык эрежелердин алкагында болгонун билдирүүдө. Ирандын космосту тынчтык максатта өздөштүрүүгө өз алдынча салым кошуу ниети буга чейин эле айтылып келген.

Тегерандын маалымдашынча, өлкө туңгуч космостук ракетасын ийгиликтүү түрдө космоско учурууга жетишти.

Ирандын Космосту Иликтөө Борборунун жетекчиси Мохсен Брахиминин айтымында, бул алгачкы ракета өлкөнүн илим жана технология министрлиги менен коргоо министрлиги тарабынан биргелешип даярдалган. Бахраминин айтымында, камылганын негизги баскычы үстүбүздөгү жылы жүзөгө ашырылган.

Сырткы дүйнө үчүн дээрлик күтүлбөгөн окуя болгон бул космостук ракетаны учуруунун техникалык чоо-жайы, анын канчалык узактыкка чейин жеткени, ж.б. азырынча толук маалымдала элек.

Иран бийликтери мурдараак космостук жасалма жандоочуну орбитага өз алдынча чыгарууга талаптанып жатканын, анын ичинде соодалык максатты аркалоочу сателлиттер да болушу ыктымалдыгын бир нече жолу билдирген болчу.

“Этемад-и Миллий” күндөлүк гезити ишембидеги санында (24-февралда) Иран Коргоо министри Мустафа Нажардын “жасалма жандоочу менен космос ракетасын куруу жана космос клубуна мүчө болуу Коргоо министрлигинин иш планына кирет” деп айтканына шилтеме жасаган.

Мамлекеттик ИРНА (IRNA) кабар агенттигинин бүгүнкү кабарында болсо Ирандын Маалымат жана технология министри Мохаммед Сулайманинин космосту иликтөө тууралуу сөзүнө шилтеме жасалган.

Сулаймани “космос иликтөөгө капиталдык салым киргизүү өтө олуттуу иш жана ал узак убакытты талап кылат, бирок биз бул жаатта ыкчамдоого аракет кылып жатабыз” деп айткан.

Буга чейин деле ирандыктардын космосту тынчтык максатта өздөштүрүү долбоору тууралуу азыноолак маалым болчу, бирок расмий Тегеран жасалма жандоочуну орбитага чыгарууда орусиялык ракетага таянган эле.

2005-жылы октябрда Ирандын каражатына, бирок орусиялыктардын колу менен жасалган жасалма жандоочу орусиялык ракетанын жардамы менен орбитага чыгарылган.

“Сина-1” деп аталган бул сателлит ирандык жасалма жандоочулардын төл башы болуп калган.

Ирандын космостук туңгуч ракетаны учурушу тууралуу бүгүнкү жарыя Тегеран менен Батыштын ирандыктардын өзөктүк программасы жаатында улам курчуган тирешүүсү маалына туш келип отурат.
XS
SM
MD
LG