Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:09

ТИЛИМ-ДИЛИМ: КУЛТЕМИРБИ ЖЕ РОБОТПУ?


Башка баш кошулуп байыган өңдүү байыртан эле тил тил менен байып келгендиги белгилүү. Кылымдын кыямат жолунда жоголбой келген кыргызды сактап калган касиеттердин бири да ушул тил болгон дешет. Деги эле дүйнөдө тигил же бул тилден кирген сөздөрдү жерип, кабыл албай, өзү менен өзү жашаган тил жоктугун, андай тил тез эле жер үстүнөн жексен болорун айтышат.

«Кыргызфильм» киностудиясынын башкы редактору, котормочу Абибилла Пазыловдун ою боюнча, эгер кыргыз тилин байытууну кааласак бардык сөздү которуп алышыбыз керек, бүгүн кандай гана термин болбосун кыргызча сүйлөтүүгө кыргыз тилинин кудурет-күчү жетет. Мисалы, А.Пазыловдун айтымында кыргыз тилинде «глобализация» деген түшүнүктү дал өзүндөй бере турган үч сөз бар, алар: «дүйнөлөштүрүү, ааламдаштыруу, ирилештирүү». Бирок, котормочунун пикиринде айрым эларалык терминдерди анын колдоно турган чөйрөсүнө жараша которуу Жана ошого ылайык жазуу кыйла натыйжалуу болмокчу.

Ошентип, жаңы доор сели эне тилибизге терминдердин күргүштөгөн агымын агызып кирүүдө. Айрым көз караштарга назар салсак, андай эларалык түшүнүктөгү терминдерди которуп убара болбой эле түп нускасында пайдалана берүү зарыл. Жогорку Кеңеш кызматкери, белгилүү акын Атантай Акбаровдун ою боюнча, кытайлык кыргыз туугандардын «роботту» «култемир» деп которуп алганы бир караганда, кулакка жагымдуу угулганы менен тереңинде роботтун маани-маңызын өтө эле келекелеп, эскиртип жиберет. Анын үстүнө кенедей баладан кемпир-чалга дейре эбак сиңип кеткен «робот» өңдүү сөздөрдү «култемирге» айландыруунун эч кандай зарылдыгы жок. Белгилүү түрколог, Кыргыз илимдер академиясынын Тил илими институтунун деректири, профессор Кадыралы Коңкобаев, тил дагы эл сыяктуу бирде толуп, бирде кемип турарын, качандыр бир кездерде кыргыз тили бир катар чет эл тилдеринин таасиринде болгонун, бул айрыкча биздеги жер-суу аттарынын аталыштарынан арбын учурарын айтып, маселен, Чүйдөгү Орловка деген айылдын байыркы аты –Невакыт деп аталганын, бул аталыш Түштүктөгү Ноокат деген аталыш менен бир экенин, тилибизге анын Чыгыш Иран таасиринен улам киргенин, Ноокат деген- «жаңы айыл, жаңы шаар» деген түшүнүктү берерин белгилейт. Профессордун пикиринде либералдык экономиканын жагдай-шартына байланыштуу кирип аткан эларалык терминдерди которуп баш оорутуп олтуруунун кенедей да кажаты жок. Аларды кыргыз тилинин жаратылышына ылайыктап эле болгонун болгондой ала берүү зарыл. Мындан тил гана байып, тил гана утат. Ал эми, илимдин дагы бир доктору, антропономист Шералы Жапаров, илимде футиристтер деген болгонун, алар чет тилдеринен эч кандай сөздөрдү кабыл албайбыз, өзүбүз менен өзүбүз болобуз деп жашаганын, бирок мындай обочолонуу баары бир өзүн өзү актабагандыгын, эл туңгуюкка кептелгенин далилге тартат. Окумуштуу Ш.Жапаровдун айтымында кыргыз тилиндеги «тараза, салмак, соода» деген сөздөр иран тилинен, ал эми «намаз, тозок, бейиш» деген сөздөр араб тилинен кирген.

Бүгүн жаңы доордун шарданына ылайык кыргыз тилинин дүйнө тилдери менен алака түзүү мейкиндиги кыйла кеңип, ошол элдин сөзү менен байып жатса, экинчи жагынан кулактын курчун кандырган кыргыздын керемет сөздөрү айтылбай, сүйлөнбөй, бөтөнчө азыркы муундардын акыл-эсинен акырындап өчүп, акырындап унутулуп баратканы жан кейитет. Элеттик тилчи мугалим Ишенбек Солтобаевдин оюнча, кыргыз тили байыркы доордо араб, фарсы, монгол, калмак сөздөрү менен байыган. Адегенде жат, чоочун, олдоксон сезилген чет сөздөр кыргыз тилинин ийкемине ылайык жышылып, колдонулуп жүрүп эле төл сөзгө айланып кеткен. Бирок, айылдык мугалимдин пикиринде эгемендүүлүк алгандан кийин кыргыз тилине мурдагы совет доорундагыдай маани берилбей калды. Маселен эне тилди коргоо, аны өнүктүрүү кагаз жүзүндө гана калып, иш жүзүндө жакшы натыйжа бербей келатат. Мындай жол акыры кыргыз тилинин жок болуп кетүүсүнө алып келиши мүмкүн.
XS
SM
MD
LG