Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:39

РАМЗАН КАДЫРОВ ЧЕЧЕНСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ


Бүгүнтөн тартып Рамзан Кадыров Чеченстандын президентинин милдетин аткарууга киришти. Бул тууралуу жардыкка бүгүн кечинде Орусиянын президенти Владимир Путин кол койду.

Былтыр октябрда 30га толгон (демек, жергиликтүү мыйзамга ылайык президенттик бийликке жашы жеткен) Рамзан Кадыров буга чейин Чеченстандын өкмөт башчысы кызматын аркалап келди.

Анын атасы Ахмат Кадыров (1951-2004) Чеченстандын Кремлдин өкүмүн тааныган бийлигинин президенти кызматын аркалап турган чагында чечен жикчилери уюштурган террордук жардыруунун айынан (2004-жылы 9-майда) набыт болгон.

Орус президентинин бүгүнкү башка жардыгына ылайык, буга чейин Чеченстандын Кремлди жактаган бийлигинин президенти болуп келген Алу Алханов өз арызына ылайык кызматынан бошотулуп, Орусия Федерациясынын Адилет министринин орун басары болуп дайындалды.

Алу Алханов бир нече күн мурдараак эле өзүнүн президенттик кызматтан кеткен жаткандыгы тууралуу айың кептерди төгүнгө чыгарып, Рамзан Кадыровду жымсалданган шекилде сынга алган.

XS
SM
MD
LG