Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:24

БАГДАДДА КООПСУЗДУК ОПЕРАЦИЯСЫ БАШТАЛДЫ


Багдадда коопсуздук операциясы башталды. Аскери командачылыктын өкүлү ырастагандай, борбор шаардагы америкалык жана жергиликтүү бөлүктөр чыңдалды,алдыдагы апталарда алар дагы кошумча күчтөр менен толукталат. Бул операция Ирактагы кырдаалды стабилдештирүү боюнча АКШ президенти Жорж Буш жарыялаган демилгелердин эң башкы элементи катары бааланууда.

Багдадда коопсуздук операциясын өткөрүү планы өткөн айда жарыяланган эле. Андан бери анын качан башталары тууралуу так айтылган эмес. Ушул аптанын башында Ирак премьери Нури ал-Малики америкалык генералдарды пландалган бул операцияны ыкчамдатууга чакырган болчу. Бирок кечээ аскери командачылыктын өкүлү операция толук арымда жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, жалпы Багдад тогуз районго бөлчөктөнүп, кайгоол-күзөт күчөтүлдү, чыңоолдор коюлуп,жасакчылар дайындалды.

Операциянын жоопкерчилиги ирак генералы Абуд Канбарга жүктөлгөн,америкалык жана коалициялык күчтөр анын коопсуздук бөлүктөрүнө кол кабыш кылып,колдоо көрсөтүүдө, деп айтты генерал Уильям Колдуэлл.

Бир катар ирак саясатчылары бул операцияны кырдаалды стабилдештирүүнүн акыркы мүмкүнчүлүгү катары карап жатышат. Парламенттин спикери, сүннүлөрдүн өкүлү Махмуд ал-Машхадани коопсуздук планы америкалык администрация менен ирак бийликтеринин чечүүчү аракети болорун,эгер ал оңунан чыкпаса,анда АКШнын жалпы Ирактагы долбоору ойрондолорун, өлкө бир нече бөлүккө ажырап кетиши мүмкүн экенин эскертти. Спикер операциянын ийгилиги жергиликтүү калктын кызматташтыгына жараша болорун да кошумчалады.

Президент Буш Иракка кошумча дагы 21 500 аскер контингентин жибергенге убада кылган. Алар негизинен эки районго – Багдадга жана сүннүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү байырлаган Ал-Анбар провинциясына жайгаштырылат. Ирак армиясы башка райондордон Багдадга үч бригада тартып келет.

XS
SM
MD
LG