Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

ИРАНГА СОККУ УРУУГА ЭЛ АРАЛЫК ЭКСПЕРТТЕР КАРШЫ


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы мезгилде айрым эксперттер - АКШ же Израилдин куралдуу күчтөрү Иранга каршы аскерий сокку урушу мүмкүн деген пикир айта баштады. Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин деректири Мохаммед Элбарадеи Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумда андай сокку катастрофага алып келиши мүмкүн деп билдирди.

АКШнын Ирак саясатындагы жаңы стратегияны президент Жорж Буш январдын башында жарыялагандан кийин айрым америкалык жана башка эксперттер - Вашингтон же анын макулдугу менен Израил Иранга каршы дагы аскерий сокку урушу мүмкүн деген пикир айта баштады. Анткени, Иракка кошумча аскер жиберүү менен кошо америкалык президент Ирандын деңиз жээгине жакын аймакка учак конуучу экинчи америкалык кемени жиберүүгө да буйрук берди.

Андай кемени болсо дайым суу алдында жүрүүчү эки кеме жана алты-жети жөнөкөй кеме коштоп жүрөт, анын үстүндө ондогон учак жана тик учма коно алат, бардыгы болуп болсо анын айланасындагы топко 15 миңдей аскер кирет. Мурда Инд океанында бир андай америкалык кеме бар болчу, ал дагы Перс булуңуна жакын жылдырыла баштады жана андай өзгөрүүлөрдү айрым байкоочулар - Иранга каршы бир аракет даярдалып жатканынын белгиси деп чечмелөөдө.

Мындан 25 жыл мурда Ирактын Осирак деген аймагында Франция өзөктүк реактор куруп бергенде, ал бүтүп, ишке кирээр алдында Израилдин учактары Ирактын аба мейкиндигине кирип, аны 1981-жылы бомбалап жок кылып салган.

Швейцариянын Давос деген тоолуу курортунда өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумдун экинчи күнүндө, 25-январда, өзөктүк куралды жайылтпоо маселеси талкууланды жана ага катышкан Атом кубаты боюнча эл аралык агенттиктин деректири Мохаммед Элбарадеи Ирандын өзөктүк изилдөөлөрүнөн чыккан маселени да козгой кетти.

Анын айтымында, Иран аймагында азыр - эл аралык коомчулук билбеген өзөктүк ишканалар жок, белгилүү ишканаларда атом куралын өндүрүү иштери азырынча жүргүзүлбөйт: "Иранда жашыруун өзөктүк ишканалар бар же жок экенин эч ким билбейт. Ырас, Иран өзөктүк куралды кантип өндүрүүнү билет. Алардын андай билими бар. Силер ошол билимди бомбалайлы деп жатасыңарбы?" - деди Элбарадеи 25-январда.

Анын пикиринде, Иран маселеси сүйлөшүү аркылуу гана чечилиш керек. "Мен эмгиче ишенем - азыр биздин колубуздагы Иран маселеси диалог аркылуу, сүйлөшүү аркылуу чечилиш керек. Ага кошуна мамлекеттер жана маселеге тийешеси бар тараптар катышууга тийиш. Араб өлкөлөрү жана АКШ тартылыш керек. Биз ошондой ыкманы колдонуп көрүш керекпиз. Тынчтык үчүн салым кошолу, анткени башка жол жок, башка жол андан 10 эсе жаман болушу мүмкүн", - деди Элбарадеи Давосто.

Анын айтымында, эгер Иранга каршы аскерий сокку урулса, ошондо ал сөзсүз өзөктүк курал өндүрүүгө баш-оту менен киришет. 2005-жылы Элбарадеи Нобель сыйлыгын алган.

XS
SM
MD
LG