Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:37

МЕРКЕЛЬ АСЫЛ - НАРКТАРДЫ ЖОГОРУ ТУТАТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 18-январда Германиянын канцлери Ангела Меркель анын өлкөсү Еврошаркетке төрагалык кылып жаткан алдыдагы жарым жыл ичинде уюмдун "коңшулаштык саясатына" басым жасай турганын жана бул саясатты уюмга мүчө болуп кирүүнүн татыктуу альтернативасы кыла турганын билдирди. Европарламентте сүйлөгөн сөзүндө Меркель ошондой эле сөз эркиндиги жана сабырдуулук уюмга Германия жетекчилик кылып жаткан мезгилде Еврошаркеттин негизги баалуулугу болуп кала бере турганын белгиледи.

Шаршемби күнү Страсбургда сүйлөгөн сөзүндө Ангела Меркель уюмдун коңшулаштык саясаты түп- тамырынан өзгөрүлө турганын, бул саясатты чыгармачылык менен жүргүзүү ага мүчө болуп кабыл алуунун татыктуу альтернативасы кыла ала турганын белгиледи.

"Коңшулаштык саясаты уюмга мүчө болуп кирүүгө татыктуу альтернатива. Ошон үчүн биз уюмга төрагалык кылуу учурунда мындай коңшулаштык саясатты Кара Деңиз чөлкөмү менен Борбор Азия өлкөлөрүнө карата жүргүзөбүз" ,- деп айтты Меркель.

Коңшулаштык саясаты жүргүзүлө баштаган 2003- жылдан бери Еврошаркет бул саясат уюмга мүчө болуп кирүүгө кедерги боло албай турганын кайталап келатат.

Еврошаркеттин чыгыштагы кошуналары коңшулаштык саясаты менен камтылган, бирок уюмга кабыл алынбасы анык болгон Жер Ортолук деңиздин түштүк тарабындагы өлкөлөрдөн обочолонтулганына курсант болушкан. Бирок кошуналык саясатка эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн кошулуп отурганы Грузия, Украина жана Молдова сыяктуу уюмга кирүүнү эңсеген өлкөлөрдүн кубанычына суу сепкендей болду.

Германиянын канцлери өз сөзүндө ошондой эле уюм менен Россиянын ортосундагы мамилелерге токтолуп, Россия Еврошаркеттин стратегиялык кызыкчылыгындагы өлкө, аны менен алакалашуу мүмкүн болушунча кеңейтилиши керек экенин, энергия маселеси көңүл чордонунда болуу керек экенин белгиледи. Ошону менен бирге эле ал Россия менен жакшы мамиледе болобуз деп атып, демократия маселелерин көз жаздымда калтырууга болбой турганын айта кетти.

Меркел Россия менен өнөктөштүк жөнүндөгү жаңы келишимге июндун соңуна чейин кол койуу үчүн болгон аракетин жумшай турганын кошумчалады. Азырынча бул сүйлөшүүлөргө Еврошаркеттин мүчөсү Польшанын каршылыгы кедерги болууда. Польша сүйлөшүүлөргө вето коюп, Россия менен эки тараптуу соодадагы талашын чечип алгысы келип жатат.

Өз сөзүндө Еврошаркеттин төрагасы катары Германиянын канцлери уюм сөз эркиндиги, ишеним эркиндиги, ишкердүүлүк жана чыгармачылык эркиндиктери сыяктуу асыл - нарктарды жогору тута турганын баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG