Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

ОРУСИЯЛЫК МИЛЛИАРДЕР МИХАИЛ ПРОХОРОВ ФРАНЦИЯДА КАРМАЛУУДА


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Франциянын кышкы курорту Куршевелде полициянын сойкуларга каршы күрөш жүргүзүү маалында орусиялык ишкер Михаил Прохоров кармалган. Прохоров айтылуу «Интеррос» концерине тең кожоюн. Ошондой эле ал «Норилдик никель» ишканасынын жетекчиси. Ал орусиялык бай «Форбс» журналынын баасында дүйнөдөгү эң бай кишилердин арасында 89-орунду ээлейт.

Лион шаарынын прокуратурасы билдиргенге караганда, Прохоров 9-январдан бери кармалып жатат. Бирок ага карата кандай кылмыш иши козголо тургандыгы тактала элек.

Франциянын ички иштер министрлиги таркаткан маалымата бардыгы 26 киши кармалган. Алар дээрлик орусиялык атуулдар экени айтылат. Бай ишкерлер, ал турсун бир Орусиянын Мамдумасына депутат да бар экени айтылат.

Лион калаасынын прокурору Ксавье Ришо айтканга караганда, франциялык бийлик «Норилдик никель» кожоюнун мыйзам талбына ылайык 48 саатка кармоого акылуу. Эгерде ал мөөнөттө ага айып тагуу үчүн негиз табылбаса анда аны кое берүү болот.

Орусиялык бай Прохоровду жергиликтүү полиция аягы суюк аял заты жана анын арачысы менен күрөшүү аракетин өткөрүп атканда кармашкан.

Куршевелге ар жыл сайын барып эс алып жүргөн Михаил Прохоров бул жолу да өзү жанына ала баруучу жоон топ кишилери, дегинкиси, кыздарды ала барган дешет. Алардын чыгымын төлөп чогуу эс алуучу адаты бар экенин айтышат.

«Газета по-украински» жазганга караганда, «Куршавелде эс алышкан кишилер Прохоровдун «абдан жаш бийкечтер» менен көңүл ачарын айтышкан».

Прохоров миллиардерге карачу «Норилдик никель» компаниянын маалымдоо катчысынын жетекчиси Сергей Черницын сыналгыдан муну жаңылыштык деп четке какты:

«Компаниянын жетекчилиги абдан олуттуу жана мыйзам арибин сыйлаган кишилер, алар ишкердикте болсун жеке турмушунда болсун мыйзам чийинен чыгшышпайт», - деди.

Кызык жери Франциянын мыйзамында аягы суюктукту айып катары эсептеген берене жок экен. Бирок бойго жете электерди азгыруу же алардын жаман жорукка баштагандар кылмышкер болуп эсептелери айтылат. Андай жосуну жаман жорук менен Франция гана эмес ага танапташ жаткан Италия, Швейцария жеринде беш айдан бери кармашуу болуп аткан экен жана андай иликтөөнүн кезеги Куршавелге келгенде орусиялык жарандарды кармап алышканын айтышууда.

Анализчилердин кай бирлери ошол себептүү орусиялык миллиардерди бойго жете элек аягы суюктар менен кармап алган дешет.

Алдыңкы күнү болсо сыналгынын алып баруучусу Ксения Собчак ал байдын аял затын жакшы көргөн адаты бар экенин айтты:

«Биздин Михаил Прохоров ушундай кажыбас бойдок. Балким ал кандайдыр бир гарем кармоо сыяктуу калдык көрүнүштү жактачулардын бири болуп калар», - деди.

Акырында 41 жаштагы Михаил Прохородун энчисинде азыр 7,6 миллиард доллар байлык бар экенин айтышат. Forbes журналы жазганга караганда, Орусиялык байлар арасында Прохоров онунчу орунда.

XS
SM
MD
LG