Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:29

АДАБИЙ СЫНАКТА ТАНДАЛГАН ЧЫГАРМАЛАР КИТЕП БОЛУП ЧЫКТЫ


Шаботоева Айжан, Бишкек “Булак 2 аңгемелер топтому ”, жана “Булак 1 пьесалар топтому ” жыйнактары жарык көрдү. Бул жыйнактарга республикалык “Айтыш” коомдук корунун “Калемгер” адабий клубу жарыялаган адабий сынактан өткөн чыгармалар кирген.

Аталган клубдун жетекчиси Мирлан Самыйкожо уулу жалпысынан сынакка алтымыштан ашык чыгарма түшкөндүгүн белгиледи.

-Республика боюнча жалпысынан 49 аңгеме түшүп он жетиси кабыл алынды. Ал эми пьесалардан он төрт чыгарма түшүп, бешөөсү гана кабыл алынды. Аңгемелерден биринчи орунга Жумабек Токтогазиев деген агайыбыз, экинчи орунга “Сейилкан” деген аңгемеси менен Элмира Ажыканова татыктуу болду.

Ал эми пьесалар боюнча биринчи орунга Кыялбек Урмамбетов “Тактеке” деген пьесасы менен, экинчи орунга Абдыкерим Муратов ээ болсо, Анатай Өмүрканов “Ак мактым сулуу” жөнүндөгү чыгармасы менен үчүнчү орунга татыктуу болгон. Ал эми келип түшкөн эмгектерди Рысбек Эшматов, Болот Акматов, Калык Ибримов, Алым Токтомушев, Мамасаалы Апышев, Жаныш Кулмамбетов деген калемгерлер карап талдап чыгышкан. Китепти чыгаруучулар бет ачаар аземди келерки жумада өткөрүүнү ниет кылышууда. Иш-чаранын алкагында жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылат деди “Калемгер” адабий клубунун жетекчиси Мирлан Самыйкожо уулу.

Китепти чыгарууга жалпысынан эки жүз миң сомго жакын акча каражат сарпталган. Калемгер адабий клубу ошондой жеке авторлордун китебин чыгарууга да көмөк көрсөтөт. Айта кетсек буга Заирбек Ажыматовдун “Мелмил” аттуу поэтикалык жыйнагын, Салижан Жигитовдун “Жаңырык” аттуу китебин чыгарышкан. Эми жаңырган жылда дагы бир жеке автордун китебин чыгарууну ниет кылышууда. Ошондой эле “Булак аңгемелер жана пьесалар жыйнактарына” сынак жарыялашмакчы. “Калемгер адабий клубу” ошондой эле ай сайын поэзия кечелерин, уюштуруп анын алкагында ар ишембиде адабий талкууларды өткөрүп келет. Аталган клубдун жетекчиси Мирлан Самыйкожо уулу билдиргендей бул маданий иш-чаралар мындан ары да улантыла бермекчи.
XS
SM
MD
LG