Саддам Хусейндин сөөгү ал өзү туулуп-өскөн Авжа кыштагында 2003-жылдын ортосунда америкалык аскерлердин чабуулунан ажал тапкан эки уулу – Удай менен Кусайдын жанына коюлду. Саддамды жерге коюу жөрөлгөсү 25 мүнөттөй убакытка созулганын анын жакындары айтууда.
Жөрөлгөгө Саддам таандык болгон уруунун аксакалдарынан тышкары Салахеддин вилайетинин акими Хамид аш-Шакти да катышты.
Ирактын азыркы өкмөтү Ирактын тарыхынын зулумдук менен байланыштуу барагы Саддам менен кошо артта калганын айтты. Саддамдын авторитардык өкүмү маалында өлкө ичинде шийилерге, күрттөргө каршы ырайымсыз жазалоо чаралары жүзөгө ашырылган. Иран менен согуш, 1990-жылы Кувейтти басып алуу аракети менен байланыштуу Перс булуңундагы согуш да эми Саддамдын доору катары тарыхты калды.
Бирок, серепчилердин айтымында, Саддамдын өлүмү өлкөгө коопсуздукту жана бейпилдикти дароо алып келе тургандай көрүнбөйт. Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш да Иракта мусулмандардын шийи жана сунний жамааттарынын ортосундагы тирешүү оңой менен бүтпөйт ко деген оюн билдирди.
Кечээ (30-декабрда) Багдадда жана калкынын басымдуу бөлүгү шийилерден турган ан-Нажаф шаарында автоунаага катылган бомбалардын жардырылышынын айынан 70тен ашуун киши набыт болду. Бул кол салууну сунний козголоңчулары уюштургандыгы жоромол кылынууда.
Саддамды колдогон Баас партиясынын өкүлдөрү кечээ Амманда билдирүү жасап, Саддамдын өлүмү көтөрүлүш аракеттерин ого бетер чыңдайт деп эскертишти.
Европа Биримдиги Саддамды адилет сот жазасына тартууну колдогон менен, анын өлүм жазасына тартылышына каршы чыккан.
Кыргызстандын укук коргоочулары да Саддамдын дарга асылышын кескин сындап чыгышты. Кыргызстандын Президентине караштуу Адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун “Азаттык” үчүн курган маегинде бул сынга өз үнүн кошту:
- Бул - өтө чоң жаңылыштык. Өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө отургузуш керек болчу. Мен Саддам Хусейнди актабайм, балким көп адамдын өлүмүнө себепкер болгондур, диктатуралык режими маалында. Эки баласы өлдү, эми Саддамды да өлтүрдүк. Анан эми эмнеге жетебиз?
Мусулман өлкөлөрүндө Саддам Хусейндин өлүмү тууралуу ар кыл пикирлер айтылууда. Маселен, ирандык белдүү диниятчылардын бири Акбар Хашеми Рафсанжани бүгүн курман айтка арналган жамы намаз маалында Хусейндин дарга асылышын колдоого алып, бул – Алла-тааланын тарыхый адилет жазасынын жүзөгө ашырылышы болду деп чыкты.
5-ноябрда Ирак соту Саддам Хусейнди 148 ирактык шийилер кырдырылган чейрек кылымдай илгерки окуя боюнча адамзатка каршы жасаган кылмышы үчүн айыптуу деп таап, дарга асууга өкүм кылган.
26-декабрда Ирактын арыз караган соту Саддамга карата чыгарылган өлүм жазасын күчүндө калтырган.