5-ноябрь күнү чыгарылган сот өкүмү ошентип, 30-декабрь, ишембинин таңында Багдаддагы катуу кайтарылган жашыл зонанын четинде жүзөгө ашырылганын Ирактык сот Мунир Хаддад “Азаттыкка” билдирди:
-
Саддам Хусейн кара кийимчен, багдаддыктардын баш кийимин кийип турду. Сакалчан, колунда ыйык Куран кармап алган. Корккон жок, кадимкисиндей. “Мен урушка көнгөм, өлүмдөн коркпойм”, - деген сөздөрдү айтты. Саясатка да токтоло кетип, “перстерден абайлагыла, сабырдуу болгула” деди.
69 жаштагы Саддам Хусейн Иракты 1979-жылдан тарта 2003-жылдын жазында АКШ аскерлери киргизилгенге чейин башкарды. Тикрит калаасында чабандын үй бүлөсүндө туулган Саддам бала чагында далай татаал күндөргө туш болгон. Өгөй атасынын карөзгөй мамилесине чыдабай, 10 жашында үйүнөн качып кетип, Багдаддагы туугандарынын үйүнө барып жашаган.
1957-жылы 20 жаш курагында “Баас” партиясына кошулгандан тарта Саддам Хусейндин саясий ишмердиги башталган. Мисирди ашынган арапчыл Гамал Абдел Насер башкарып турган ал жылдары Саддам дал ушул агымдын арапчыл идеяларына сугарылган.
1959-жылы ал Ирактын ал кездеги премьери Абд ал-Каримди кулатууга катышып, Каирде юридика боюнча билим алып, Иракка кайткандан кийин саясий төңкөрүшкө катышканы үчүн 3 жыл түрмөдө отуруп чыккан. “Баас” партиясынын, андагы Саддамдын популярдуулугу күн санап артып отуруп, 1979-жылы ал Ирактын президенти болуп чыга келген.
Саддам Хусейн мамлекет башында турган 24 жыл Ирак үчүн кандуу, зордук-зомбулук дооруна айланды. Саддамдын тушунда Иран менен болгон 8 жылдык согуш эки өлкөнүн жүз миңдеген жарандарынын өмүрүн алды, 1990-жылы Ирак Кувейтке басып кирип, акыры ал жерден Саддамдын күчтөрүн АКШ сүрүп чыгарып согушту токтоткон.
1988-жылы Ирактын армиясы өлкөдөгү күрттөр жашаган аймакта аскердик операция өткөрүп, 5000дей күрт калкы кырылып, андан эки эсе көбү химиялык куралдан жараат алып, эмдигиче жабыркап келатышат.
1991-жылы Иран менен согуштан жаңыдан оңолуп келе жаткан Иракта күрттөр, шийилер байырлаган аймактарда жана Ирактын борборунда чоң толкундоолор чыгып, аларды басыш үчүн аскерлер он миңдеген кишилерди өлтүрүштү.
Ирактын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Мувафак ал-Рубаи 2003-жылдын декабрь айында Саддамды көргөнү түрмөгө барганда экс-диктатордун чексиз оройлугуна аң-таң болуп кайтканын айтат.
- Мен ал жолугушуудан аябай ачууланып кайткам. Саддам Ирак элине каршы жасаган кылмыштарынын бирин да кенедей да сезбейт экен. Өкүнүч деген бул адам үчүн жат сезим экен. Чыныгы зулум экен,- деген Мувафак ал-Рубаи.
Сотто Саддам Хусейн адамзатка гана эмес, айлана-чөйрөгө каршы да кылмыштар жасаганы белгиленди. Кувейттин мунай жайларына өрт койдуруп, айлана-тегеректин баары жумалап өрткө чулганып, аба булганып, ал жердеги жандыктын баары ууланган.
Саддамдын буйругу менен ыйык Инжил китебинде сүрөттөлгөн Эден бакзары казылып, ал жерге канал курулган. Иран, Кувейттеги согуштардан улам социалдык-экономикалык жактан каржалган Иракка Улуттар уюму 1990-жылдары киргизген санкциялардан катардагы ирактыктар кыйла жылдар жапа чегишти. Улуттар уюмунун инспекторлору менен жетиштүү деңгээлде кызматташпай, 2001-жылы 11-сентябрда АКШда болгон теракттардан кийин Ирактын массалык кыруучу куралы, террорчулар менен байланышы тууралуу кабарлар жайылып отуруп, акыры 2003-жылы жазында АКШ баштаган коалициялык күчтөр Саддамдын режимине каршы согуштук аракеттер баштаган.