Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:24

ТЕМИР САРИЕВ: ПРЕЗИДЕНТ ӨЗҮНҮН УКУКТАРЫН ЧОҢОЙТКОНГО КАНТИП КОЛ КОЕТ?


(25-декабрда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү)

- Урматтуу депутаттар, бизди угуп аткан кыргыз эли. Мен бешинчи күнү ойлодум эле ушуну менен көп депутаттар мыйзамдын негизинде иш кылып, эгерде кандайдыр бир демилге болсо аны мыйзам чегинде түзөтүү, же жаңы редакция киргизет деп. Бирок биз эч качан ойлогон эмеспиз, бешинчи күнү болбой калса базар күнү бардыгы менен сүйлөшүп кайра биринчи күнү киргизет деп. Анда Өмүрбек Текебаев айып кеткен методго өтөлү, ар бирибиз күн өткөн сайын бирден Конституциянын долбоорун киргизип туралы. Президент бүгүнкү киргизген Конституциянын долбоору боюнча эмнени сурап атат: Өкмөттүн башчысын мен шайлайм дейт, структурасы менин кеңешим менен болсун, өкмөттүн курамын мен дайындайм, өкмөттүн толук курамын, премьерди, же кээ бир мүчөлөрүн кетирүү менин ыйгарым укуктарым болсун, акимдерди, губернаторлорду мен шайлайм, күч министрлеринин бардыгын мен шайлайм, бекитем, аларды жумуштан мен алам дейт. Акыркысы Жогорку Кеңешти таратканда эки ай Жогорку Кеңештин укутарын перзидентке берсин дейт. Мына, урматтуу кыргыз эли угуп коюңуздар, президент эмнени каалап атат, эмнени сурап атат. Ошол долбоорду 41 депутат президентке беребиз деп атышат. Мына негизги талаша турган, айта турган сөз ушул.

Мыйзамга ылайык Жогорку Кеңештин дупутаты берген добушу үчүн жооп бербейт. Ал эми президент эгерде ушул эрежеси бузулуп кабыл алынган Конституцияга кол койсо, ал биринчиден элдин астында, экинчи өзүнүн уятынын астында, үчүнчүсү тарыхтын астында жооп берет. Төртүнчүсү кандайдыр бир күчтөр эртең келип ушуну көтөргөндө, сен туура эмес, Конституцияны бузуп, ошого кол коюп, өзүңө чоң укуктарды алдың деп жоопко тартканда мыйзамдын астында жооп берет. Мына бүгүн президент астында эки топ бар, бирөө президентке жагынып, жакындыгын көргөзөйүн деп, “мен сизге кызмат кылып берип атам, мен сизге укутарды алып берип атам” деп өздөрүн далилдеп берген күч. Экинчиси - четинен кыйытып, сиз туура кылып атасыз, ушуга барыңыз деп турат, бирок алардын ички ою же жазында, же күзүндө ушунун негизинде кайра президентти тактан алуу боюнча маселени көтөрүп чыгып, аны тактан кетирүү болуп эсептелет.

Айтып коёлу, Констиуция бул негизги күчтөрдүн ортосундагы келишим. Эл менен мамлекеттин ортосундагы келишим. Бул эреже ким кандай нерсе менен башкарып, кандай укукту алып, кандай иштеп, кандай жооп берет деген. Биз ошол укукту азыр өзгөрткөнү турабыз. Мен таң калып атам, президент өзүнүн укуктарын чоңойтконго кантип кол коёт. Экисинде эл чыгып сураганда, авторитардык системаны сындыр деп талап кылган. Ошол системаны биз сындырдык жаны Конституция кабыл алып. Бүгүн эмне деп айтабыз, кайра президентке ыйгарым укуктарды толук бердик деп айтабызбы, авторитардык режимди кайра калыптандырдык деп айтабызбы, же бир кишинин, бир үй-бүлөнүн башкаруунун бекитип бердик деп айтабызбы. Ким жооп берет буга? Эл ушуга чыдайбы, эл ушуга барабы? Менде чоң күмөн бар. Азыр чыгып көргүлөчү, журналисттер бул коомдун барометри, алар айтып атат бул абсурд деп. Эртең ошондой жазып чыгат, алар коомдук пикир түзөт. алар элдин пикирин билет депутаттар сыяктуу эле. Эртең барып кайра далилдеп бергиле: “биз жакшы кылалы дегенбиз, бирок дагы бир авторитардык режимди пайда кылып Орто Азияда, дагы ал кишинин бийлигин 15 жылга орнотуп бердик” деп. Мына биз ошого баратабыз.

Эң акыркысы, мен ойлойм, биз бардык нерсени Конституциянын чегинде кылышыбыз керек. Бүгүнкү киргизилип, каралып жаткан Конституциянын долбоору мыйзамга туура келбейт, Конституцияны одоно бузуу менен, регламентти одоно бузуу менен келип атат. Бул кабыл алынган күндө дагы күчүнө кирбеш керек. Аягында жазып коюптур, басмаканадан чыккан күндөн баштап күчүнө кирет деп. Эгер баспай койсо эмне кылабыз. Кол коюп туруп кармап тура берсе эмне кылабыз. Мына ушуга окшогон бул жерде да бир топ карама-каршылыктар бар.

XS
SM
MD
LG