Кыргызстанда учурда 28 авиакомпания бар. Алардын 27 тейлөө коопсуздугу сапаттуу болбогон үчүн Европа Биримдигинин кара тизмесине алынган. Алардын ичинен, америкалык БОИНГ үлгүсүндөгү учактарды азырынча иштетип жаткан кыргызстандык жалгыз авиакампания “Эсен эйрдин” президенти Бегалы Наркозуев “Азаттык” менен ой-пикир бөлүштү.
- БОИНГ үлгүсүндөгү учактар Кыргызстандын авиа компанияларынын ичинен азыр сиздерде эле барбы?
- Ооба. Биздин “Эсен эйр” компаниясы сиз айтып өткөндөй жалаң кыргыз атуулдары тарабынан, 100 пайыз кыргыз капиталына түзүлгөн авиа компания. Бизде эки БОИНГ- 737 үлгүсүндөгү самолетубуз бар. Кыргыз капиталына түзүлгөн авиа компаниялардын ичинен бизде эле бар.
- Сиздердин рыноко келгениңиздерге аз эле болду окшойт. Бирок кыска убакытта мындай ийгиликке кантип жетиштиңиздер?
- Биз өзүбүз аивацияда бир топ жылдан бери эле иштеп жүрөбүз. Биз апрель айында ачылганбыз, бирок буга чейин көп жылдан бери даярданып жүрчүбүз. Бул өтө чоң жетишкендик деп деле ойлобойбуз, азыр биздин тегерегибиздеги коңшулар өзбек, түркмөн, казактар мурунтан эле өзүлөрүнүн авиапарктарын жаңылап БОИНГ учактарына өткөн болчу. Бизде ушуга убакыт келип жетти, ушул проекти ишке ашырганга аракеттенип, буюрса азыр жол коюп келатабыз.
- Бул тармактагы жагдайдан кабарыңыз болсо керек. Азыр Кыргызстанда катталган авиа компаниялардын саны канча?
- Азыр Кыргызстанда менин билишимче 28 авиакомпания катталган. Бирок анын 27 кара тизмеге кирип, азыр абал аябай оор болуп турат.
- Европа Биримдигинин кара тизмесин айтып жатасызбы? Ошол маалымат октябрь айында белгилүү болгон. Эми эмне болчудай, ошонун кесепети жакында сезилчүдөйбү?
- Евробиримдик ар бир үч айда тизмесин жаңыртып турат. Азыр биздин авиа департаменти менин билишиме караганда аябай катуу аракет кылып атат кара тизмеден чыгалы деген максатта. Буюрса, анча-мынча ишке ашат го, азыр катуу даярдыктар болуп атат.
- Кыргызстандын авиа компанияларынын учактары Европадан менимче Германияга каттайт көбүнесе. Эгер кокус кара тизмеде калып калган шартта учууларга тыюу салынышы мүмкүнбү?
- Албетте, эгер кара тизмеде калып кала турган болсо Германияга уча албайбыз. Ал тургай Азия араб өлкөлөрү Евробиримдигинин пикирин аябай сыйлашат. Эгер биз кара тизмеден чыкпасак, бул өлкөлөр дагы бизди киргизбей коюшу ыктымал. Алар кайра карап чыгышат.
- Сиздер Европага каттабайсыздарбы?
- Бизде Германия тарапка жайкы сезондо гана катташат. Кыш күндөрү ал жака эч ким учпайт. Азыр «Кыргызстан” авиакомпаниясынын гана лицензиясы бар.
- 28 авиа компания чакан Кыргызстан үчүн көп эмеспи? Муну сурап жатканым, күздүн башында өкмөттөгү жыйында премьер-министр Кулов авиакомпанияларынын көбүнүн кеңсеси, стол, стулдары эле бар, аларга көзөмөлдү күчөтүш керек деп айткан эле. Бул багытта өкмөт азыр иш жүргүзгөн жокпу?
- Сиз туура айтып атасыз, 28 компания биз үчүн аябай көп. Кыргызстан өзү кичинекей мамлекет болгондон кийин, абада жүрүү рыногу да аябай тар, ошого карабай 28 авиа компания бар. Өкмөт өзүнүн саясатын менин оюмча түп тамырынан өзгөртүш керек. Себеби, 28 авиакомпаниянын ичинен кыргыз капиталына түзүлгөн 2-3 эле компания бар. Калганынын бардыгы сырттан келген коноктор. Биздин шарттарыбызга ылайыктуу келип бул жерде регистрацияга туруп алышкан. Кыргызстандыкы деген аты гана бар, бирок заты боюнча башка элдин авиа компаниялары. Ал тургай Россиянын криминалдуу дүйнөсүнүн акчасына курулган компаниялар бар деп жүрүшөт. Ошон үчүн, мен ойлойм, Кыргызстанга конкуренция болуш үчүн 3-4 эле компания жетет. 28 аябай көптүк кылат.
- Учурда ажылык зыяраты жүрүп жатпайбы, 4 жарым миң адам барып келиши керек. Ушул ишти уюштурууга жергиликтүү авиа компаниялар тартылдыбы?
- Жергиликтүү авиа кампаниялар аябай аз тартылды. Бирок ал жерде дагы бир аз катачылыктар кетти. Бирок биз өзүбүздүн колубуздан келишинче Кыргызстандын атуулдарынан 350 кишини алып бардык, андан сырткары Казактан менен Өзбекстандан заказ келип түшкөн 500 кишини ташып берүү жөнүндө. Ал эми биздин Кыргызстандын авиакомпанияларынан менин билишимче аябай эле аз/ Алтүгүл, 1-2 сырттан келген авиакомпания кирип кетти.