Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:06

МАСКӨӨДӨ ЛИТВИНЕНКОНУН ИШИ БОЮНЧА ДАГЫ БИР КИШИ ТЕРГӨӨГӨ АЛЫНДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын Баш прокуратурасынын кызматкерлери – Скотланд-Ярд иликтөөчүлөрдүн катышуусу менен Александр Литвиненконун иши боюнча дагы бир күбөнү - Вячеслав Соколенкону тергөөгө алышты. ФСБнын мурдагы офицери Литвиненко полоний – 210 менен ууланган күнү Андрей Луговой менен Дмитрий Ковтунду коштоп жүргөн киши Соколенко болгон. Соколенконун айтымында болсо ал Лондонго футбол оюнун көргөнү барган. Литвиненконун өлүмү боюнча бери дегенде он киши тергөөгө алынды. Алардын катарында Луговой менен Ковтундун тааныштары бар.

Литвиненконун өлүмүн иликтеген орусиялык жана британиялык адистер жума күнү кезектеги күбө – Вячеслав Соколенкону тергешкен. Ал октябрдин ортосунда Литвиненко менен жолуккан Луговой менен Ковтундунду коштоп жүргөн үчүнчү киши болгон экен.

Скотланд-Ярд адистери Александр Литвиненконун өлүмү радиоактивдүү элементтен болгон деген бүтүм айтышкан. Эми аны менен ууланткан ким болгондугун табуу жумушу жүрүп атат.

Анализчилер баамында бул окуяда иликке алынуучу башкы маселе – радиоактивдүү элементтин кайдан алынганы кызыгууну туудурууда. Бул жөнүндө «Агентура» сайтынын редактору Андрей Солдатов интернет аркылуу тапкан маалыматтарына таянып ушундай деген.

Орусиялык мамлекеттик маалымат каражаттары ырасмий чөйрөгө таянып «полоний-210 элементин Лондондо жасап атып алар ууланышкан», - деген пикир таркатышкан эле. Кийин анын «Маскөөгө алынып барылганын» чет элдик агенттиктер жаза башташты. Маселен, мурунку аптада, анын жуккан жерлерин немис адисттери Гамбург шаарынан табышкан. Ал жердеги Ковтундун мурда ажырашкан аялы турган үйдөн табышканын шаардык иликтөө тобунун жетекчиси Ельмар Лилпоп айтат:

-Биз полоний жуккан жерлерди балдар уктачу бөлмөдөн, ал тургай кир жуучу машинеден да таптык.

Көрсө Ковтун октябрде Литвиненко менен жолугардан мурда Маскөөдөн учуп чыгып Гамбургда бир түнөп өткөн экен. Бирок өзү ИНТЕРФАКСка:

-Полонияны мен 16,17 жана 18- октябрлерде Лондондон ала келдим. Мен ал жолу Александр Литвиненко менен жолугуп кайра келе жаткан элем, - деген.

Кечээ «Азаттыктын» кабарчысы Семен Мирский полоний – 210 чыры Францияга да жеткенин кабарлады:

- Александр Литвиненкону өлтүргөн полонийдин изи Улуу Британия, Орусия, Италия, Германиядан кийин эми Францияга баштап келди, - деп билдирди Мирский мырза.

Ал мамлекетте жашачу Евгений Лимарев телефондон АССОШИЭЙТЕД ПРЕССке билдиргенине караганда «анын өмүрүнө кол салуу болгону атат». Анализчилердин айткандарына караганда анын артынан түшкөн күч Литвиненкону жок кылгандар. Эмне дегенде Орусиядагы жок кылуу керек делген инсандар тизмесин Марио Скарамеллага берген киши дал ошол - Лимарев болгон экен.

Бул жерде демейдеги кылмышкердин колунан келбес иш жасалганы кыйла суроро туудурууда дешет. Аналитиктердин көбү муну мурдагы эле КГБнын методун колдонуп бүлгүн салган күч кадимки эле орусиялык бийликтин атайын кызматы деп айтышууда.

XS
SM
MD
LG