Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

НОБЕЛ СЫЙЛЫГЫНА ТАТЫГАН РОМАНДЫ ЧЫГАРУУГА ЧАЛГЫНДОО КЫЗМАТТАРЫ ЖАРДАМДАШКАН


Нарын АЙЫП, Прага Адабият таануучу Иван Толстойдун айтымында, 1958-жылы Нобел сыйлыгына татыган Борис Пастернактын "Доктор Живаго" деген романын Батышта басып чыгарууга АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы көмөктөшкөн.

Адабият боюнча Нобел сыйлыгына бардыгы болуп беш орус жазуучусу татыган: 1933-жылы бул сыйлык жазуучу Иван Бунинге, 1958-жылы акын Борис Пастернакка, 1965-жылы жазуучу Михаил Шолоховго, 1970-жылы жазуучу жана изилдөөчү Александр Солженицынге жана 1987-жылы акын Иосиф Бродскийге берилген.

Пастернак 1990-жылы туулган жана алгач композитор болууну каалаган. Мектепте окуп жүргөн кезинде эле ал консерваториядагы сабактарга да барып, композитордук факультетти бүтүргөн. Бирок мектептен кийин Маскөө университетинин философия бөлүмүндө окуп, Алманиянын Марбург шаарына барып окуусун уланткан.

Ошол эле жылдарда ал ыр да жазып, аларды жарыялап, элге акын катары да белгилүү боло баштаган. 1930-жылдарда болсо Шекспир, Шиллер, Гөтенин чыгармаларын орусчага которуп, атакка жеткен. Аны менен катар өз ырларын жана кара сөз да жазып жүргөн. 1945-жылы болсо Пастернак "Доктор Живаго" деген роман баштап, аны он жыл жазган. Жазуучу өзү айткандай, романдын негизги максаты - революция менен советтик мезгилде чыгармачыл адам кандай кыйынчылыктарга туш келгенин көрсөтүү болгон.

Бирок роман бүткөндө, аны СССРде эч ким басып чыгарууну каалаган эмес жана жазуучунун тааныштары анын кол жазмасын сыртка алып чыгып, аны чет тилге которгон жана роман 1957-жылы алгач Италияда, андан соң Францияда басылып чыккан. Тоталитардык коомдо жашаган адам мындай чыгарма жазганы бүткүл дүйнө коомчулугун таң калтырган жана 1958-жылы ага Нобел сыйлыгы берилген.

Советтик жетекчилик болсо, сыйлык берүү жөнүндө сөз башталганда эле, 1958-жылдын башынан тартып Пастернакты "Правда", "Известия" жана башка гезиттер аркылуу бир жыл бою жамандаган, жазуучунун өзүнө да катуу кысым жасалган жана натыйжада ал Нобел сыйлыгынан баш тартууга аргасыз болгон. Андан көп өтпөй, Пастернак катуу ооруп, эки жылдан кийин 70 жашында кайтыш болгон.

"Азаттыктын" Орус бөлүмүнүн кызматкери Иван Толстой жүргүзгөн изилдөө көрсөткөндөй, Пастернактын романы Батышта орус тилинде да басып чыгарылганына АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы көмөктөшкөн, жазуучу ал тууралуу өзү билген эмес, бирок акыр-аягында ал дал ошол себептен тирүү калган: "Пастернак эч нерсе билген эмес, АКШ чалгындоо кызматы баарын өзү каржылап, баарын өзү жасаган жана гений жазуучунун романы басып чыгарылып, анын мүмкүн болушунча эң жогорку даңкка жетишине бардык чара көрүлгөн. Жана жазуучу Нобел сыйлыгына татыгандыктан, ал СССРде камакка алынган эмес", - дейт Иван Толстой.

Анын айтымында, АКШ чалгындоо кызматы советтик идеологияга каршы көркөм чыгарма колдонгону өзгөчө мааниге ээ: "Америкалык чалгындоо кызматы Кремилдин идеологиясына каршы күрөштө кимдир бирөөгө уу берип, же кимдир бирөөнү барымтага алып, же башка былык ыкмаларды колдонбостон, ага каршы орус маданиятынын өзүн колдонгон, советтик бийликке орус маданиятын каршы койгон", - дейт Толстой.
XS
SM
MD
LG