Орусияда бир аптага жетпеген убактын ичинде кишилер дарыланчу үч жайда өрт чыкты. Биринчиси - Маскөөнүн бангичилерди мажбурлап айыктыруучу ири ооруканасында, экинчиси – Кемерово обулусуна караштуу акылынан айнып калгандарды кармачу интернатта, үчүнчүсү – Твер обулусуна караштуу Трояново кыштагындагы акылынан айныган майыптарды кармачу интернатта чыккан. Баш-аягы элүүдөн ашуун киши курман болгон. Бул өрттөрдө жалпыга мүнөздүү жери – кишилерди дарылоочу мекемелердин ички тартиби советтик кездегидей, ал эми аны тейлеген чөйрө эч кимдин алдында бейжооп болушу дешүдө.
Коомдук палатага мүчө, бангиликке каршы күрөшкөн уюму бар Олег Зыковдун пикиринче бангиликке берилгендерди айыктырууда аларга башкача шарт түзүп берүүгө кез келди:
«Бул жерде доктур менен оорулуу эмес эле түрмө кармагандар менен абакта олтургандар алакасы бар», - дейт. Ошондуктан бул балаадан кишилерди чындап айыктырайын десе анда бийлик өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй жаңы жолго түшүшү зарыл дейт.
Ошол эле ишембинин кечинде Тайга калаасында чыккан өртөн 9 киши курман болушкан. «Азаттыктын» Кемерово обулусу боюнча кабарчысы Татьяна Гусеванын билдиргенине караганда өрттөн 223 оорулуу куткарылган. Тверде кыштакта интернаттагы 303 оорулуу тең куткарылган. Маскөөлүк ооруканада эшик-терезелери жоон зым тор менен жабылгандыктан жана аны тышынан жаап салгандыктан ичиндегилердин көбүн ис уруп өлгөн.
Өрттүн чыгышынын себебин атайылап жасалган деген божомол улам айтылууда. Бирок аны ким жасаганы белгисиз.
«Алдын ала чыгарылган тыянакка караганда, өрт кеткен жер экинчи кабатын далисинде экен. Ал кимдир бирөөнүн атайылап же кокустан от жагышынан улам болгон», - деп айтты Гусева.
Буга чукул ойду Маскөө шаардык прокурору Юрий Семин айтат. «Кимдир бирөө байкабай күйүп бүтө элек ширенкени таштап ийгендир же атайылап өрт койгондур, бирок жардыруу болгон эмес», - деди прокурор алдыңкы күнү мамлекеттик сыналгыдан.
Ассошиэйтет пресс жазганга караганда Орусияда ар жылына өрттөн 18 миңдей киши курман болуп турат.