Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:13

ТӨЛӨМҮШ ЖАКЫП УУЛУНУН ЖАРКЫН ЭЛЕСИ ЖҮРӨКТӨ


Мындан он төрт жыл мурда 10-декабрда “Азаттык” үналгысынын негиздөөчүлөрүнүн бири - Төлөмүш Жакып уулу дүйнөдөн кайткан.

Маркум залкар ырчы Асек Жумабаев энеден төрөлгөндөн бешенеси жаркырап жанган жылдыздуу, кепти ташка тамга баскандай кытыгылап сүйлөгөн, тамашакөй, кары-жашка теңтуш, бир заматта улуу-кичүүнүн койнуна шак кирип кеткен жугумдуу, өлөр өлгөнчө шыпылдап жүргөн шамдагай, шайыр, уккан кеп келечтерин шак илип алган куйма кулактуу булбул таңшык ырчы эле.

Ушундай адамдык сапатка, тубаса шыкка ээ Асек коммунизм доорунда айтылуу советтик шайырлар менен 60тан ашык чет өлкөдө гастролдо болот. 1967-жылы Канададан “Азаттык” үналгысынын негиздөөчүлөрүнүн бири Азамат Алтайга жолугат. Андан 1943-жылы Улуу Ата мекендик согушта өлдү делген айылдашы Төлөмүш Жакып уулу тирүү экенин “Азаттыкта” бирге иштешерин, салам айтканын айтат.

Асек Канададан келери менен СССРдин коопсуздук комитети үч тамгасы күтүүсүз жерден Москвага чакырат. Барары менен Асекке Асанакун Асанбаев деген паспорт берилет. Үч тамганын эки кызматкеринин коштоосунда Төлөмүш Жакып уулуна жолугууга Мюнхенге сапар алат. Асакемдин ал сапарын 1998-жылы тасмага жазып алген элем. Асакем Мюнхенге кандайча барганы кийин жердеши Төлөмүшкө кандай жагдайда жолукканы жөнүндө мындайча айтып берген эле:

-Мюнхенден жолуккандан кийин Төлөмүшкө экинчи жолу жолуккан жокмун. Качан гана элибиз эгемендүүлүккө чыкканда Төлөмүш Кыргызстанга келди. Майрам деген аялы, эки кыз небереси менен туулуп өскөн Байкадак айылына алып бардык. Ат чаптырып, той берип тосуп алдык. Төлөмүш самолеттон түшөөрү менен күн чыгышты карап алып эми өлсөм арманым жок деп өңгүрөп ыйлады. Айылга барганда жерди кучактап алып ботодой боздоду. Төлөмүш эки сапар инсульт болуптур. Келгенде жакшы болуп калыптыр. Төлөмүш айылда бир ай, Ысыккөлдө бир ай эс алды. Ал эми аялы, кыздары кетти. Төлөмүш калды. Төлөмүш биздин үйдө үч күн жатты. Ал комузду дейт мен комузду алам, ал кыякты дейт мен кыякты алам. Баягы ырлардан башта дейт мен ырдайм. Каткырып күлөт.Ошентип үч күн жатты. Кайран гана киши ушунчалык тың болгон экен. Такыр тамак ичпейт. Бир гана коньяк ичет. Ой, төлөмүш тамак ичсең боло десем. Ой ичемин дейт да ой келин бала дейт да менден эки-үч жаш улууда мен Асектин жанына жатайын, сен өзүңчө жатчы деп экөөбүз үч күн бир бөлмөдө жаттык. Аркы-беркини сүйлөштүк, тамашалашып, жыргадык. Үчүнчү күнү Төлөмүш “Асек бул үйүңдү эч кимге сатпагын. Мындай үй шаарда жокко эссе экен. Үйүң жакшы сатпагын. Мен үйүмө барамын. Дачамды үйүмдү сатамын. Кыргызстанга келемин. Татаркам келсе келсин, келбесе кереги жок. Үй сатып алам да экөөбүз бирге жашайбыз” деп кетти. Бир айдан кийин Төлөмүш көз жумду,-деп эскерген эл ырчысы Асек Жумабаев.

XS
SM
MD
LG