Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:23

БЕТ КАЛЫҢ БОЛСО, УЯТ ЖУКА БОЛОБУ?


Баяндаган Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

«Кыргыз руху» гезити ушундай теманын алдында «Эркиндик» партиясынын Жалал-Абаддагы мүчөлөрү Т.Алымкулов менен Э.Бакасов аттуу адамдардын катын жарыялаган.

Катта бул эки адам 2-ноябрдагы антимитингде Акаев доорун жерден алып, көргө чаап, Бакиев заманын мактап сүйлөп жаткан киши Абибулла Абдугапаров экенин таанышкандыгын, ал деген убагында күч органында иштеп туруп, кыргыздын кыраан жигиттеринин бири Бекмамат Осмоновдун колу- бутун ал кездеги бийликке бууп бергенин, Акаевдин арыгын аябай чаап келгенин жалалабаддыктар эсинен чыгаралектигин, ошол сүйлөгөндөн кийин дайнын сураштырып көрүшсө Абдугапаровдун Акүйдө иштеп атканын билишкенин, билген соң акыйкаттан түңүлгөнүн, анткени Бакиевдин айланасында баягы эле майкөл-сүткөлгө киринип жүргөн М.Садыркулов, М.Абдылдаев, Ч.Баекова, А.Абдугапаров, А.Жумагулов окшогон уят-сыйыттан кеткен, бети калың саясатчылар турганын, булар турганда реформа дегеле алдыга жылбасын айтышкан.

«Агым» гезити эртең өтө турган «Ленинчил жаштын»- 80, «Асабанын»-15, «Агымдын»-5 жылдык тоюна 1200 мейман чакырганын, мындай чакырык экс-президент Аскар Акаев менен эмики президент Курманбек Бакиевге да берилгенин, бирок ушул тойдун эртеси өлкө энергетиктери редакция жамаатын сотко берип, сот иши Бишкектин Ленин райсотунда каралганы жатканын, Акайыч мырза 5 жыл мурда «Асабанын» үнүн өчүргөн өңдүү, Курманбек Салиевич да «Агымдын» жарыгын ошентип өзүнүн электриктери аркылуу өчүргөнү жатканын ишараттаптыр деген каңшаар тараганын маалымдады.

«Кыргыз туусу» кыргыз телерадиосунун башдеректири Кыяс Молдокасымов менен баарлашып, акыркы кездери КТРга карата айтылып аткан сын-пикирлерге көз карашын сураганда, Кыяс мырза, сындап жаткандардын арасында ошол жерде айлап-жылдап иштебей жүрүп эле маяна алып, кийин иштен айдалгандар, мурунку режим тушунда бийликтин колуна суу куюп жүрүп бетин жоготкондор, КТРдагы жаңы өзгөрүүлөрдү көргүсү келбегендер бар экенин, ал эми өзүлөрү КТРда байлык топтобой, абийир топтоп, ак иштеп жатышканын айткан.

Кыяс мырзанын макаласынын жанына гезит, так ошол иштен айдалган тележурналисттердин бири Бердибай Саматовдун да ой-пикирин баскан. Анын ою боюнча КТР сөзсүз коомдук телеканалга айлануу керек, ансыз анын келечеги жок, ал үчүн КТРга заманга шайкеш ойлоно алган, акылы терең, кылчактап жүрүп күн көргөндү, кыбырап жүрүп иш кылганды жактыргандар эмес, жаңыча ойлонгон, жаңыча иштеген жаңы муун өкүлдөрү келүүсү керек.

«Слово Кыргызстана» гезити бир кезде кыргыз телерадиосунун башында туруп, анын түптөлүшүнө, калыптанышына барандуу салым кошкондордун бири Умтул Орозова айым тууралуу жылуу эскерүү жарыялаган.

«Жаңы ордо» гезити «Киллер» гезиттерге чара көрүлөбү? Же республикалык эркин массалык маалымат каражаттарына жарыяланып, президент Бакиевге адилетсиз, жүйөөсүз жалаа жапкан, кадыр-баркына шек келтирген материалдарды баскан гезиттер жазаланабы?»- деген суроо таштап, андай ээнбаштарга –«Агым» менен «Лица» гезитин далил тартып, ал экөөнүн беттерине чыккан макалалардан үзүндүлөп баскан. Ушул эле гезитте таанымал саясатчы Топчубек Тургуналиевдин келе жаткан жазда бүткүлэлдик референдум өткөрүү жана 9 беренеден турган сунуштары камтылган макаласына да орун берилген.

«Бишкек таймс» гезити таланттуу төкмө акын Аалы Туткучов менен аңгемелешип, ал жакында казак жергесине барып айтышка түшүп келгенин, Аалы казак сууруп салмаларын биринин артынан бирин жыга сайып олтуруп финалга жеткенин, финалда казак акыны Аслан Гафуров башын жакшы баштап келип эле аягында «ажосу таштап кеткен эл» деп шылдың менен бүткөнүнө жооп кылып: - Башчыңар качып кетти деп,
Оорута бербе мээми.
Качып кеткен себеби,
Казактын болот жээни.
Демек,
Түбүндө бар дээри,-деп «жайлаганын» жана башка дагы кызыктарын окурмандарга сунуш кылган. Аалы Туткучов бул айтышта байгелүү 2-орунду жеңип алып, 500 евро утуп келгенин эскерте кетели.
XS
SM
MD
LG