Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

ЛИТВИНЕНКОНУН ӨЛҮМҮ МЕНЕН БАЙЛАНЫШТУУ ОРУСИЯДА ДАГЫ КЫЛМЫШ ИШИ АЧЫЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Лондон шаарында ууланып каза болгон Александр Литвиненко 7-декабрда коюлду. Анын өлүмү менен байланыштуу Маскөөгө британиялык тергөөчүлөр келди жана Орусияда дагы өз алдынча кылмыш иши ачылды.

Мурдагы тыңчы Александр Литвиненко Лондон шаарында 1-ноябрда ууланган жана үч аптадан кийин, 23-ноябрда каза болгон. Британиянын жарандыгын алганы менен, Литвиненко Орусиянын да жараны болчу, бирок орус прокурорлору бир ай бою эч кандай тергөө ишин ачкан эмес.

Декабрдын башында болсо Маскөөгө британиялык тергөөчүлөр келип, айрым орус жарандарын суракка ала баштагандан кийин, Орусияда дагы кылмыш иши ачылды жана айрым эксперттердин айтымында, эгер анын алкагында кимдир бирөө шектүү деп табылса, Маскөө эми аны чет өлкөгө жибербей коюуга укуктуу.

Британиялык тергөөчүлөр тарабынан бардыгы болуп беш адам суралууга тийиш деп айтылууда, маалымат каражаттарында азырынча алардын үчөөнүн гана ысымы жарыяланды. Алар - бир кезде коопсуздук кызматында иштеген Андрей Луговой менен Дмитрий Ковтун жана ишкер Вячеслав Соколенко. Алар үчөө тең 1-ноябрда Лондондо болгон.

Ал күнү Литвиненко Лондон шаарындагы "Миллениум" деген мейманканада Луговой менен жолугууга тийиш болчу, бирок жолугушууга келгенде, ал жерде Ковтун дагы болгон.

Ооруканада жатканда Литвиненко полицияга айтканына караганда, үчүнчү адам болот деп мурда макулдашылган эмес, жана мейманканага келгенде, ал жерде дагы бирөө болгонуна ал таң калган. Ал үчүнчү адам Литвиненко менен Владимирмин деп таанышкан жана ага чай берген.

Акыркы күндөрдө тараган маалыматтарга караганда, ал Дмитрий Ковтун болуп чыгууда. Луговой менен Ковтун экөө тең азыр ооруканада жана Маскөөгө келген британиялык тергөөчүлөр 5- жана 6-декабрда Ковтунду суракка алган. 7-декабрда болсо Луговой дагы суралат деп жарыяланган, бирок ал кийинкиге калтырылды. Алар экөө тең бул кылмыш иши боюнча күбө катары өтүүдө. 7-декабрда - Ковтун ооруканада эс учун жоготту деген маамылаттар тараган, бирок ал кабар кийин жокко чыгарылды.

Үчүнчү адам Вячеслав Соколенко - Андрей Луговой менен чогуу иштешкен бизнесмен деп айтылууда. Ал дагы 1-ноябрда Лондондо болуп, орусиялык ЦСКА футбол командасы англиялык "Арсенал" менен беттешкенде, ал оюнду көрүүгө барган. Анын өзүнүн айтымында, Англияга ал Луговой менен чогуу келген, бирок Литвиненко менен жолуккан эмес. британиялык тергөөчүлөр аны сурай элек.

Литвиненконун өлүмү тууралуу өтө ар башка пикирлер айтылууда, бирок акыркы күндөрдө Литвиненко президент Путинди катуу сынга алып келгенин белгилей кетиш керек жана андай сын - 7-октябрда Маскөөдө көз карандысыз журналист Анна Политковская өлтүрүлгөндөн кийин өтө күчөгөн: "Мен жакшы билем - Аня Политковскаянын деңгээлиндеги журналистти Орусияда бир гана адам өлтүрө алат, ал - Путин, башка эч ким анте албайт", - деген Литвиненко ооруканада жатканда.

XS
SM
MD
LG