Парламент отурумуна ондон ашык депутат катышкан жок. Каттоодон 45 депутат эле өттү. Конституцияга ылайык парламентте жаңы комитеттерди түзүү маселеси Өмүрбек Текебаев сунуштаган 14 комитет, 5 комиссия болсун деген долбоору добушка коюлуп, жыйынтыгында 25 добуш макул, 20 каршы болуп, өтпөй калды.
Добуш берүүнүн жыйынтыгын талкулоо маалында айрым депутаттар парламентте кырдаал курчуп, депутаттар эки тарапка бөлүнүп калганын айтышып, нааразы болушту. Депутат Мелис Эшимканов төрага Марат Султанов менен үч орун басарын өз ыктыярлары менен кызматтан кетүүсүн суранды.
- Саз сыяктуу парламент ичинен ирип баратат. Коррупциялашып баратат. Бири-бирине душман болуп баратат. Ошондуктан мен каалайт элем, алдагы төрдө отурган төрт азамат, спикер баш болгон үч орун басары чындап эле элди ойлосоңор, чындап эле компромиссти ойлосоңор бириңер калбай ыктыярдуу түрдө отставкага кеткиле, - деди Мелис Эшимканов.
Ал эми депутат Азимбек Бекназаров күч структураларынын кызматкерлери парламентке келип, айрым депутаттарга «Реформа үчүн» кыймылды колдоп добуш бергениңерди токтоткула, деп коркутуп-үркүтүп кысым көрсөтүп жатканын парламенттеги президенттин жана өкмөттүн өкүлдөрүнө айтты.
- Президент менен премьер-министрге айткыла, эгерде ушундайлар улана берсе, кат жүзүндө жазып берип, кимдер кандай экендигин далилдеп беребиз,-деди депутат Бекназаров.
Айрым депутаттардын Жогорку Кеңештин структурасын түзүүдө бийлик кийлигишип жатат деген дооматтарына президенттин парламенттеги өкүлү Алымбай Султанов макул эмес.
- Парламенттин ичинде бул маселени өзүлөрү бир пикирге келип чечалбай отурушуп, бийликти күнөөлөгөн туура эмес, - деди Алымбай Султанов.
Ал эми депутат Кубатбек Байболов парламентте жаңы комитеттерди түзүү боюнча Текебаевдин долбоорунун өтпөй калышын, жаңы менен эскинин ортосундагы тирешүүдөн көрөт.
- Жаңы көз караш менен эски көз караштын ортосундагы тирешүү болуп атат. Депутаттардын бир бөлүгү реформаны улантып, жаңы Конституцияга шайкеш келтирип, өзгөртүүлөрдү жасайлы дешсе, бир бөлүгү эски боюнча калсын дешүүдө.
Депутат Муратбек Мукашев болсо мыйзам долбоорлорун кызуу талкуулап, талаш-тартыштан кийин өтпөй калышын парламенттеги кадимки эле көрүнүш катары баалайт. Анын пикиринде, комитеттерди түзүү боюнча башка долбоорлор дагы сунушталып, талкууда жактырылган долбоордун өтүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Шейшембиде «Мекен» депутаттык тобу сунуштаган комитеттерди түзүү долбоору 31 добушка ээ болуп, өтпөй калган. Ал эми Өмүрбек Текебаев сунуштаган долбоор 35 добуш менен экинчи айлампага өткөн эле. Анын долбоору дагы бейшембидеги кызуу талкууда 25 добуш менен өтпөй калды. Эми комитеттерди түзүү боюнча маселени кароо жума күнү улантылышы күтүлүүдө.