Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

АФИША: ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бул жумада актер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков чыгармачылык кечесин өткөрөт. Бул кечеде чогуу иштешкен акын-ырчылар, театр жамааттары катышат. Темирлан Саманбековдун билдиргенине караганда бул кече анын апрель айында өтүүчү 50 жылдык мааракесине жана чыгармачылыгынын 30 жылдыгына карата уюштурулууда.

6-декабрдан тартып 22-декабрга чейин Ала-Тоо кинотеатрында Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги кино жумалыгын өткөрөт. Иш-чаранын алкагында кинокүйөрмандарына орус кинорежиссерлору тарткан жаны фильмдер көрсөтүлөт. Ал эми кирүү акысы бекер болмокчу.

8-декабрда Манас камералык оркестринин, 9-декабрда улуттук филармониянын чыгармачыл жамааттарынын концерттери өтөт. 8-декабрда ошондой Өзбекстандык ырчы Шахзоданын жеке концерти болот. Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүүчү бул кечени Гулнур Сатылганова баштаган бир катар кыргыз ырчылары коштойт.

10-декабрда акын Гүлжамила Шакированын чыгармачылык кечеси өтөт. Улуттук филармонияда өтүүчү бул ыр-кечеде акындын ыр саптарына жаралган обондуу ырлар да жаңырмакчы.

Бул кече менен катар улуттук филармонияда “Камбаркан” этнографиялык ансамбли концерт берет. Ансамблдин көркөм жетекчиси Белек Шакировдун билдиргенине караганда концерттин көрөрмандары эл артисткасы Саламат Садыкова баштаган топтун бир катар ырчыларынын ырларына күбө болушат.

Кыргыз циркинде Орусиядан келген цирк өнөрпоздорунун “Экстрим” аттуу программасы жүрүп жатат.

Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында Петр Чайковскийдин “Лебединое озеро” балети коюлат. Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде немец сүрөтчүсү Волстун жеке көргөзмөсү өтүүдө. Анда сүрөтчүнүн графика жанрындагы эмгектери коюлган. Ал эми мамлекеттик тарых музейинде Үркүндүн 90 жылдыгына арналган көргөзмө өтүүдө.
XS
SM
MD
LG