Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

ТҮРКИЯ ФРАНЦИЯ МЕНЕН АСКЕРИЙ КЫЗМАТТАШТЫГЫН ТОКТОТТУ


Түркия Франция менен аскерий кызматташтыктан баш тартты. Бул убактылуу чара 20-кылымдын башында азыркы Түркиянын аймагында армяндардын кырылышынын айланасындагы талаштан улам келип чыкты.

Европа биримдигине кирем дегенден бери Түркия өкмөтү армяндардын кыргынына байланыштуу кутулбаган куяга калды. Евросоюзга кирүү боюнча сүйлөшүү башталгандан акыркы айларда да Анкара улам бир соккуга туш келүүдө. Жакында армяндардын кыргыны болгон деп айтканы үчүн Түркияда соттолгон жазуучу Орхан Памук адабият боюнча Нобел сыйлыгын алды. Ал эми андан мурда Франциянын парламенти "Осмон түрктөрүнүн армяндарды кырышы геноцид болгон эмес" деген ырастоону кылмыш деп аныктаган мыйзамды колдоп добуш берген.

Октябрда жактырылган ушул мыйзамга байланыштуу Түркиянын парламенти аны айыптаган декларация кабыл алган. Документте Түркияга каршы лоббисттерди пайдаланганы үчүн Армения "чоң айып" төлөп калат деп айтылган болчу.

Байкоочулар 12-октябрда кабыл алынган бул мыйзамдын күчүнө кирээринен күмөн санашууда. Себеби Франциянын Сенаты да, президент Жак Ширак да ага каршы чыгат шекилденет.

Бирок Түркия ага чейин кол куушуруп отура бербөөнү чечти сыяктанат. 15-ноябрда белгилүү болгондой, өлкө Франция менен аскерий байланыштарын убактылуу токтотту. Бул тууралуу Түрк армиясынын жөө аскерлеринин кол башчысы генерал Илкер Башбуу Анкарада жарыялады.

Анын аралыгында, Түркия Евробиримдикке канчалык татыктуу деген маселенин айланасындагы талкуу улам кызууда, себеби келерки айда бул Евросаммитте чечилиши керек. Биримдиктин жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу боюнча комиссары Оли Рен Түркияда жылыштар бар экендигин айтып, ошол эле мезгилде алар чектелүү мүнөздө болуп жаткандыгын мындайча белгилеген:

Коомдук талкуулардан улам Түркия реформалардан четтеп жаткандай сезим жаралышы мүмкүн. Бирок чындыгында андай эмес. Түркия саясий реформаларды улантып жатат. Ошол эле убакта бул реформалар өткөн жылда бир аз жайлап калды.

Ошентип, расмий Анкарага армяндардын кыргыны сыяктуу өзүнөн мурдагы өкмөттүн кылмыштары үчүн да жооп берүүгө туура келүүдө. Бирок бүгүнкү Түркияда деле кемчиликтер аз эмес. Армиянын саясаттагы ашыкча таасири, айыпкерлерди кыйноо, аялдардын жана азчылыктардын укуктарынын сакталбашы сыяктуу көйгөйлөр менен катар, сөз эркиндигинин чектелиши кыйла кыжаалат жаратып келет. Жазуучу Орхан Памук сыяктуу өз оюн айтканы үчүн быйыл ноябрга чейин эле 261 кишиге каршы кылмыш иши козголгон. Түркиянын адам укуктары биримдигинин маалыматында, буга салыштырмалуу, өткөн жылы 12 айда 192 кишиге айып коюлган.

Евросоюздун билдирүүсүнөн кийин Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл Анкара Евросоюз койгон бардык талаптарды аткарууга аракеттенет деп сөз берди. Бирок укук коргоочулардын жогоруда келгирилген эсебине караганда, өкмөттүн алдында дагы чачтан көп иштер бар.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG