Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:49

6-НОЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Айрым маалыматтарга караганда, 1938-жылдын 6-ноябрында айтылуу окумуштуу жана коомдук ишмер Касым Тыныстанов бейкүнөө атылган. Кыргызстан Жогорку Кеңешинин Чукул чакырылган V съездди 1936-жылдын 6-ноябрында күтүүсүз токтотулду.

Кыргызстан Жогорку Кеңешинин Чукул чакырылган V съезди иш күнүн улантпай, 1936-жылдын 6-ноябрында күтүүсүз токтотту. Жогорку Кеңештин чукул токтотулган съезди 1937-жылдын март айында улантылып, анда республиканын Конституциясы кабыл алынган. Эки съезд аралыгында Кыргызстан коомчулугуна мүшкүл салган окуя болуп өттү. Төрт ай ичинде биринчи съезддин делегаттарынын басымдуу көпчүлүгү “эл душмандары” атыгып, камакка алынып, саясий куугунтук башталган. Калган делегаттар качан камалам деп бүшүркөп, саясий террордун күнүн өткөргөн.

1919-жылдын 6-ноябрында белгилүү-коомдук ишмер Турдакун Усубалиев жарык дүйнөгө келген. Т. Усубалиев 24-жыл, 5 ай, 24 күн Кыргызстан коммунисттик партиясынын биринчи катчылык кызматын аткарып, бийлик мөөнөтүнүн узактыгы боюнча Бүткүл союздук рекорд койгон.

Айрым маалыматтарга караганда, айтылуу окумуштуу жана коомдук ишмер Касым Тыныстановго чыгарылган өкүм жазасы, 1938-жылдын 6-ноябрында ишке ашырылган. Касым Тыныстанов 1901-жылдын 10-сентябрында Ысыккөл районундагы Чырпыкты айылында жарык дүйнөгө келген. Өмүрүнүн акырына чейин ал маалымдоо каражаттары, илим изилдөө жана билим берүү тармагында иштөөгө үлгүргөн. К. Тыныстановдун окумуштуулук дарамети туура бааланып, ага Кыргызстанда биринчи болуп 1932-жылы доценттик, 1936-жылы профессордук илимий наам ыйгырылган. 1938-жылдын 5-ноябрында өткөн СССР Жогорку Аскердик сотунун жабык көчмө сессиясында Касым Тыныстановго 1921-жылдан баштап улутчул “Алаш-Ордо” уюму, андан кийин буржуазиячыл-улутчул, диверсиячыл зыянкеч, чыккынчы торрордук “Социал- Туран” партиясынын ана башчыларынын бири деген айып коюлуп, атууга өкүм чыгарылган.

2005-жылдын 6-ноябрында Жалалабат облусундагы Аксы районунда эки жарым миңден ашкан адам катышкан митинг өткөрүлдү. Митингчилер кабыл алган кайрылууда-Жогорку Кеңеш депутаттарына жалпы кыргызстандыктардын таламын талашып, парламент ишин элден жашырбай ачык-айкын жүргүзүү талабы коюлду. Ошондой эле, уюшкан кылмышкерлер жаңы бийликтин колдоосун сезип, мамлекеттик чиновниктер менен кызматташып кеткендиги белгиленип, мындай терс көрүнүш катуу сынга алынды.

Мындан сырткары, митингчилердин кайрылуусунда-президент Курманбек Бакиевдин Аксы эли менен жолугушууга келбей, Азимбек Бекназаров чакырган теледебаттан баш тартышы “жалганчы жетекчи” катары бааланып, анын мамлекетти башкарууга моралдык укугу жок экендиги белгиленди.

Бул күнү, 1917-жылы Петроградда октябрь куралдуу көтөрүлүш башталып, 1952-жылы Тынч океандын Энвиток атолласында америкалык биринчи водрод бомбасы сыналып, 1991-жылы Россия президенти Б. Ельцин КПСС жана коммунисттик партиянын ишмердүүлүгүнө тыюу салып, 1753-жылы атактуу орус скульптору Михаил Козловский, 1771-жылы немец типографы, литографияны ойлоп тапкан Алоиз Зенефельдер, 1814-жылы атактуу ойлоп тапкыч, саксофонду чыгарган Адольф Сакс, 1835-жылы италиялык врач-психиатор, антрополог Чезаре Ломброзо, 1935-жылы айтылуу акын Омор Султанов, 1936-жылы молдован кинорежиссеру Эмиль Лотяну жарык дүйнөгө келген.

Муратбек Кожобеков
XS
SM
MD
LG