Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:26

ООГАНСТАНДА ИТАЛИЯЛЫК КАБАРЧЫ УУРДАЛЫП КЕТТИ


Бириккен Улуттардын Ооганстандагы өкүлчүлүгүнүн тастыкташынча, Ооганстанда өз алдынча иштеп жүргөн италиялык фотокабарчы барымтага алынганы тууралуу кабар иликтөөгө алынууда. Габриэле Торселло деген жигит өзүнүн ооган котормочусу менен ишемби күнү уурдалып кеткен. Бириккен Улуттар Уюму Ооганстан өкмөтүнө кабарчы Торселлону тез арада жана аман-эсен табуу өтүнүчү менен кайрылды.

Ооган булактарынын маалымдашынча, Габриэле Торселло Хелманд вилайетинин борбору Лашкар Гах шаарынан Кандагарды көздөй келе жатканда беш жоочу тарабынан кармалган. Торселлонун жанында котормочусу болгон.

Италиялык фотокабарчы НАТОнун маалымат каражаттары менен иштеген бөлүмүндө катталган эмес болчу, ошондуктан НАТО анын сапарынын камын жеген эмес.

Ооганстандын түштүгүндөгү Хелманд жана Кандагар аймактары үстүбүздөгү жылы талиптер менен НАТО күчтөрүнүн айыгышкан салгылашуулары жүргөн вилайеттерден болуп саналат.

Бириккен Улуттардын Ооганстандагы басма сөз өкүлү Алим Сыдыки италиялык журналисттин тагдырына БУУ терең тынчсызданып жатканын кечээ (жекшембиде) мындайча белгиледи:

- Биз италиялык фотокабарчы уурдалып кеткендиги тууралуу кабардарбыз. Ал Хелманд вилайетинен Кандагар вилайетине автобус менен келе жаткан экен. Жакында эле Баглан вилайетинде эки немис журналисти өлтүрүлүп кеткен эмеспи. Ошол кайгылуу окуядан көп узабай орун алган бул окуя, менимче, жалпы эле эл аралык коомчулук жана ооган бийликтери үчүн олуттуу тынчсыздануу жараткан маселе болуп саналат.

Алим Сыдыкинин айтымында, Бириккен Улуттардын өкүлчүлүгү Ооганстан өкмөтүнө кабарчы Торселлону тез арада жана аман-эсен табуу өтүнүчү менен кайрылган.

Италиядагы “PeaceReporter” аттуу интернет гезит Торселло өзүнүн барымтага алынгандыгы тууралуу телефон аркылуу маалымдаганын, бирок ким, кайсы жерде жана эмне үчүн аны барымтага алганын билдире албаганын маалымдады.

Азырынча эч бир тарап аны барымтага алдык деп билдире элек.

Быйыл Ооганстанда талип жоочулары менен салгылашуунун айынан 2500дөн ашуун киши набыт болду, алардын көпчүлүгү – жоочулар.

Жүздөгөн бейкүнөө өлгөндөрдүн арасында карапайым оогандар, кайрымдуулук иштерин жүргүзүп жаткандар жана чет өлкөлүктөр да бар.
XS
SM
MD
LG