Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:56

ТҮРК ЖАЗУУЧУСУ НОБЕЛЬ СЫЙЛЫГЫН ЖЕҢИП АЛДЫ


Түркиялык жазуучу Орхан Памук адабият тармагындагы Нобель сыйлыгынын лауреаты болуп аталды. 54 жаштагы Памук Түркиянын азыркы жазуучуларынын арасынан эң белгилүүсү. Анын чыгармалары дүйнөнүн 34 тилине которулган. Памуктун эң жогорку сыйлыкты алышы мекенинде көптөгөн талаштуу пикирди жаратпай койбойт.

"2006-жылкы адабият тармагындагы Нобель сыйлыгы түркиялык жазуучу Орхан Памукка ыйгарылат. Ал туулуп өскөн Стамбул шаарынын “муңдуу рухун” сүрөттөөдө “маданияттардын кагылышы жана чиеленишинин жаңы символдорун” жарата алды", - деп жарыялады Швеция академиясынын туруктуу катчысы Гораций Энгдал.

Жазуучу тарыхый новеллалары же азыркы турмушту баяндаган чыгармалары болобу түрктөрдүн иденттүүлүгүн чагылдырып келген. Ал тарых жана мифтер, эски салттар менен азыркы замандын, дин менен секулярдуулуктун, саясий идеологиялар менен улуттардын тирешүүсү түрк тегине кандай таасир эткенин изилдөөгө аракеттенип жүрөт.

Памук абройлуу сыйлыкка татыган алгачкы түрк. Анын мекениндеги колдоочулары, албетте, азыр кубанычын батыра албай, сыймыктанып турган кез.
Бирок Түркияда аны жактырбагандар да аз эмес. Памуктун лирикалык, поэтикалык талантын, адабий чеберчилигин Нобель комитети да белгиледи.
Ошол эле маалда ал саясий билдирүүлөрү менен да таанылган.

Памуктун түрк тарыхына арналган изилдөөлөрү көп адамдын кыжырын келтирди. Былтыр ал расмий көз карашка төп келбеген ойлорун билдирип, сот жообуна тартылган. Швейцариялык гезиттердин бирине берген интервьюсунда жазуучу Түркия өз тарыхындагы 2 учурду сөз кылгысы келбейт: бул – Биринчи дүйнөлүк согуш маалындагы армяндардын кыргыны жана күрттөр үстмөдүк кылган түштүк-чыгыштагы согушкерлер менен кагылышуулар деген. Анын бул сөздөрү Түркиянын аброюна шек келтирүү катары сыпатталган.

Памук өзү болсо бул жөнүндө былтыр Франкфуртта сүйлөгөндө мындай деген эле:"Бул маселе Түркияда ачык козголбой келет. Экинчиден, биз Осмон дөөлөтү малында армяндар кандай тагдырга туш болгонун ачык-айкын талкуулашыбыз керек. Түркиянын ар бир тургуну бул жөнүндө өз оюн айта алышы керек".

Анын соту чоң реакция жаратып, Европа биримдиги анын айыпталышы Түркиянын шаркетке кошулуу аракеттерине залкасын тийгизиши мүмкүн деп эскерткен. Жазуучу күнөөлү деп табылса, 3 жылга чеийн түрмөгө кесилмек. Бирок быйыл январда Стамбул шаарынын соту анын ишин жаап койду.

Нобелдин быйылкы калган лауреттары менен катар 10-декабрда Стокголм шаарында түрк жазуучусуна 1 миллион 400 миң доллар, алтын медаль жана диплом тапшырылат.

XS
SM
MD
LG