Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

АЖЫ САПАРЫН УЮШТУРУУГА НААРАЗЫЛЫК ЭМИТЕН ЭЛЕ БАШТАЛДЫ


Ажылыкты иликтөө комиссиясынын бир катар мүчөлөрү Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Жолборс Жоробековго анын “Агым” гезитине жарыяланган маеги жана ажылык сапарды уюштуруу боюнча дагы нааразы болушууда.

Нааразы тараптын айтымында, “Агым” гезитинде жазылгандай, Кыргызстанга берилген 4500 ажылык квотанын ичинен өлкө калкынын жарымы жашаган түндүк регионуна болгону 1000 орунду, ал эми өлкө калкынын экинчи жарымын түзгөн түштүккө 3500 орунду ким бөлүштүргөн? Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири, ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчысы Жолборс Жоробековбу? Дин мамлекеттен бөлүнгөн өлкөдө ага – мамлекеттик чиновникке ажылык квотаны бөлүштүрүү укугун ким берген?” – деген сыяктуу суроолорду кырынан коюшту. Мурдагы ажылыкты иликтөө комиссиясынын төрагасы Таалай Ылайтегин жамааттын талабын жарыя айтты:

"Жоробеков мамлекеттик кызматта туруп Кыргызстандын элин түндүк, түштүк деп бөлгөндүгү үчүн, түндүк регионун алакчылап ажылык квотаны негизсиз аз бергендиги үчүн кызматтан кетсин"!

“Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандары конгресси” коомдук бирикмесинин төрагасы Бакыт Нурдинов эмне үчүн мамлекеттик дин агенттигин Кыргызстанда негизинен эки гана киши - Өмүрзак Мамаюсупов менен Жолборс Жоробеков алмак-салмак жетектей берет деп таң калды жана өкмөт жакта аларга кызыгдар кишилер барбы деп шектенди.

Бакыт Нурдинов ошондой эле 2005-жылдын 13-декабрында кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Мекеге ажылыкка барууну уюштуруу тартиби жөнүндөгү” жобосунун эч кандай механизми иштелип чыгылбагандыгына, андыктан жобо аткарылбай калып кеткендигине, жобо иштебегендиктен коррупцияга жол ачылып жаткандыгына өкүнүч билдирди.

Мурдагы ажылык маселесин иликтөө комиссиясынын мүчөсү, белгилүү журналист Мыктыбек Арстанбектин айтуусунда, алдыдагы самолёт менен бара турган ажылык сапардын эң ылдыйкы баасы 1300 доллар, дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Жолборс Жоробеков айткандай, 1500 доллар эмес.

Мурдагы ажылык маселесин иликтөө комиссиясынын төрагасы Таалай Ылайтегин алдыдагы ажылыкка да даярдык начар деген ойдо:

"Орозого чейин ажыга бара тургандардын тизмеси толук такталып, фирмалар аныкталып, ал маалыматтар Саударабстанга жиберилиш керек болчу. Эми биздин турфирмалар Жиддага самолёт кондура албайт. Анткени кабыл алынчу самолёттордун тизмеси 18-сентябрда бекитилип коюлат".

Мыктыбек Арстанбек мурдагы ажылыкты бүлгүнгө учураткандар алдыдагы ажылыкты уюштурууга да атайылап катыштырылып жаткандыгын, алар кантип пайда табууну айтып бериш үчүн керектигин баса айтты.

Мурдагы ажылыкты иликтөө комиссиясынын дагы бир мүчөсү Асылбек Кудайбердиев Мекеге алпарып келчү фирмаларды тандоодо да Жолборс Жорбеков өзү каалаганын жасады деген пикирде.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири, алдыдагы ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчысы Жолборс Жоробеков түштүктөн туруп айрым дооматтарга жооп кайтарды:

"Биз акыркы беш жылдагы кайсы региондон канча адам ажыга баргандыгын дыкат иликтеп туруп анан квотаны бөлүштүргөнбүз. Түштүккө көп квота бөлүнгөндүгүнүн дагы бир себеби, ал жакта былтыр ажыга барбай калгандар аябай көп. Тигилердин дооматы болсо түккө турбаган нерсе".

Ажылыкты уюштуруу маселеси жакында акүйдө да талкууланат.

Кожогелди Култегин, Бишкек
XS
SM
MD
LG