Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

“КАЛИГУЛА» СПЕКТАКЛИНИН ПРЕМЬЕРАСЫ БОЛОТ


Бүгүн “Учур” телетатры белгилүү драматург, филосов, Нобель сыйлыгынын ээси Альбер Камюнун чыгармасынын негизинде коюлган “Калигула” спектаклинин премьерасы менен театралдык сезонун ачат. Аталган спектаклди тажик режиссеру Султан Усманов сахналаштырды.

“Калигула” спектаклинде байыркы Римдеги бийлик талашуудагы көмүскө оюндар чагылдырылган. Театрдын актеру Нурлан Шатемиров спектаклдин өзгөчөлүгүнө токтолуп, бул оюнда чагылдырылган окуялар учурдагы өлкөдөгү абал менен үндөшүп кете тургандыгын белгиледи.

-Азыр коомубузда болуп жаткан окуянын баарын ушул спектаклден көрсө болот. Башкача айтканда бул оюнда саясатчылардын, бийлик өкүлдөрүнүн, карпайым элдердин жашоосу чагылдырылган. “Учур” телетеатрынын репертуарында буга чейин мындай багыттагы, мындай темадагы спектаклдер жок болчу. Андыктан бул чыгарманы ойнош оңойго турган жок.

Бул спектаклди тажик режиссеру Султан Усманов сахналаштырды. Эмне себептен бул режиссер менен иштөөнү туура көрдүңүздөр деген суроо менен театрдын продюссери Шаршебек Шейшеновго кайрылганыбызда ал мындайча жооп берди.

-Биздеги болгон режиссерлордун баары бирден-экиден спектакль коюп чыгышты. Андыктан биздин артисттер башка мамлекеттердин да режиссерлору менен иштешип, тажрыйба алмашсын деген максатта тажик режиссерун чакырдык.

Ал эми тажик режиссеру Султан Усманов менен маектешкенибизде, ал Кыргызстанда биринчи жолу спектакль коюп жаткандыгын айтты.

-Мен кыргыз артистери менен биринчи жолу иштешип жатам. Спектакль элге жагыш үчүн артистер жеткире ойнош керек, андыктан ал чыгарма биринчи кезекте артистеринин жүрөгүнөн түнөк табыш керек. Андыктан биз театрдын жамааты менен көптөгөн пьесаларды окуп чыгып, талкуулап, аягында Альбер Камюнунун “Калигула” чыгармасына сахналаштырабыз деп чечтик. Бул чыгарма өтө татаал чыгарма, бирок ага карабастан артистер мен ойлогондой ойношту.

Спектаклде башкы ролду башкача айтканда өкүмдардын ролун ойногон “Учур” театрынын актеру Жолдошбек Жанжигит уулу, жараткан образы туурасында мындай деди:

-Мен бул спектаклде өкүмдардын ролун ойноп жатам. Кээ бирлер айтышат ал зулум, мыкаачы адам болгон деп, мен болсо бул ролду ойноп жатып, такыр башка адам экенине ынандым. Кыскасы күндө режиссердон тил уксам дагы ушунчалык рахат алып ойноп жатам.

“Бул спектаклди койгонго 100 миң сом акча сарпталды. Мындай каражат биздин театр үчүн өтө чоң сумма, андыктан мына ушундай чоң каражатты талап кылган “Калигула” спектакли менен келечекте эл аралык фестивалдарга катышсак деген ниетибиз бар”- деди театрдын продюссери Шаршебек Шейшенов. Ал эми спектаклдин премьерасы бүгүн кечки саат алтыда МТРКнын концертик залында болот.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG