Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

ЕВРОПАЛЫК ПАРЛАМЕНТ ТҮРКМӨНСТАН МЕНЕН КЕЛИШИМГЕ КАРШЫ


Ушул айдын соңунда Европа парламенти Европа Биримдиги Түркмөнстан менен түзгөн соода келишимди четке кагат шекилдүү. Түркмөнстан менен алакаларды тейлеген депутаттын билдиришинче, алды менен түркмөн бийликтери Азаттыктын түркмөн кызматынын кабарчысы Огулсапар Мурадованын абактагы сырдуу өлүмүнө түшүндүрмө бериши керек болот.

Азаттыктын Түркмөнстандагы кабарчысы Огулсапар Муратованын Түркмөнстандын коопсуздук кызматтарынын камагында ажал табышы эл аралык деңгээлде чоң нааразылыкты пайда кылган эле, эми бул трагедия Түркмөнстан менен соода байланыштарын жаңыртуу боюнча талкууларда башкы маселеге айланууда.

Ушул аптада Европа парламенти Евробиримдиктин Еврокомиссиясы тарабынан жетишилген жаңы соода келишимин ратификациялабай тургандыгын жарыялады. Парламенттин эл аралык соода комитети өткөн шаршембиде Түркмөнстанды катуу сындаган резолюциянын долбоорун кабыл алган эле. Анда президент Сапармурад Ниязовдун режими "атуулдук, саясий, социалдык, экономикалык жана маданий укуктарды аесуз бузуп" келаткандыгы айтылат.

Евробиримдиктин Түркмөнстан боюнча парламенттер аралык делегациясынын төрагасы, Даниядан шайланган Алберт Ян Маат өткөн жума күнү "соода келишимин ратификациялоодон мурда түркмөн бийликтери Мурадованын өлүмү боюнча түшүндүрмө бериши керек" деп айтылган билдирүү таркатты. Азаттыкка берген маегинде Маат мунсуз соода алакаларын кеңейтүү мүмкүн эмес экендигин мындайча билдирди:

"Мурадова айымдын өлүмүнө, айрыкча анын шектүү жагдайда каза табышына мен өтө кападармын. Биринчи кезекте, биз Түркмөнстандын тышкы иштер министрлигинин ачык-айрым түшүндүрмөсүнө муктажбыз. Бирок бул жаатта ортодо талкуу болбогондуктан, Түркмөнстан менен жаңы келишим да болушу мүмкүн эмес".

Борбор Азия аймагында демократиялык реформаларды орду-түбү менен четке каккан Түркмөнстан гана Евробиримдик менен Шериктештик жана кызматташтык келишимин түзгөн эмес. Учурдагы орток соода алакалар 1989-жылы советтик доордо жетишилген келишимдердин негизинде жүргүзүлүп келет. Ошонун негизинде, былтыр Европа биримдиги 451 миллион евро менен Түркмөнстандын импортунун эң ири булагы болду.

Европа Биримдигинде энергетика коопсуздугуна байланыштуу тынчсыздануу күчөп жаткан чакта Брюсселдеги расмий өкүлдөр Түркмөнстандын зор газ байлыгын эске алууга мажбур болушууда.

Жакында Ашхабат менен Өткөөл соода келишимин түзгөн Европа Комиссиясы Европа парламентинин аны ратификациялашын каалар эле. Комиссиянын өкүлдөрү жаңы келишимде адам укуктарына байланышкан пайдалуу шарттар каралган деп ырасташууда. Бирок Евробиримдиги башка өлкөлөр менен келишимдеринде адам укуктарына байланышкан шарттарды иш жүзүндө сейрек колдоноору белгилүү.

Өз маегинде Маат Еврокомиссиянын турумун "саясий чечкиндүүлүк" жетишпейт деп сынга алды. Европа Парламенти Түркмөнстан менен келишимди ушул айдын этегинде колго салат деп күтүлүүдө.

Жаңыл Жусубжан, Прага,

XS
SM
MD
LG