Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:43

ОРУСИЯ: АННА ПОЛИТКОВСКАЯ КИШИ КОЛДУУ ӨЛДҮ


Бүгүн (ишембиде) белгилүү орус журналисти жана укук коргоочусу Анна Политковская киши колдуу өлгөнү тууралуу суук кабар келди. Политковская орус өкмөтүнүн Чеченстандагы аскердик чараларын айоосуз сындаган, аймактагы адам укуктарынын одоно бузулушу менен байланыштуу окуяларды терең чагылдырган публицист болчу. 2004-жылы ал Бесландагы барымтага алуу окуясын чагылдыруу үчүн баратканда учакта ичкен чайынан кийин катуу ооруп калган. Ошол кезде анын кесиптештери Политковскаяны ууландырып өлтүрүү аракети жасалды деп шек санашкан. Эл аралык коомчулук өкүлдөрү Орусия бийлигине Политковскаяны мерт кылгандарды таап, адилет жазага тартуу талабы менен кайрылды.

Маскөө шаардык полициясынын билдиришинче, чечен согушун сын көз карашта чагылдырган белгилүү журналисттин денеси бүгүн кечинде шаардын борборунда Лесная көчөсүндөгү өзү жашаган үйдүн лифтинен табылды. Бул тууралуу анын коңшуларынын бири полицияга кабардаган. Маалыматтарга караганда, анын өлүмү тууралуу жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат алты ченде маалым болгон.

“Интерфакс” агенттигинин маалымдашынча, ошол эле жерден тапанча жана төрт ок табылган.

Политковская орус өкмөтүнүн Чеченстандагы аскердик чараларын айоосуз сындап, аларды ар тараптуу жана терең чагылдырган журналист жана публицист катары кеңири таанымал эле.

Ал расмий Кремлге оппозициячыл туруму менен кашкайып көрүнгөн “Новая газета” басылмасында 1999-жылдан бери саясий баяндамачы болуп иштечү.

2002-жылы чечен жикчилеринин тобу Маскөөдө театрды барымтага алган чакта, Политковская айым арачы милдетин да аркалаган.

2004-жылы ал Түндүк Осетиядагы Беслан шаарында чечен жикчилери тарабынан бир мектеп барымтага алынган чакта бул окуяны чагылдыруу үчүн баратканда учакта ичкен чайынан кийин уулануунун симптомдору менен катуу ооруп калган эле. Ошол кезде анын кесиптештери Политковскаяны өлтүрүү аракети жасалды деп шек санашкан.

Политковская орус президенти Владимир Путин жана анын Чеченстандагы аскердик өнөктүгү тууралуу сындап китеп жазган. Ал камакка алынып бошонгон кезеңи жана өзүнө карата коркутуп-үркүтүүлөр болгондугу тууралуу айткан учурлары да болгон.


Орус өкмөтүнө карата талаптар

Журналисттердин эл аралык федерациясы (The International Federation of Journalists - IFJ) бүгүн президент Путинге кайрылып, Политковская айымды өлтүргөндөрдү тез арада таптырып, адилет жазага тартууга чакырды.

Башкеңсеси Брүсселде жайгашкан бул басма сөз эркиндиги үчүн күрөшкөн уюмдун баш катчысы Эйдан Уайт (Aidan White) “Азаттык” үчүн курган маегинде маркум Политковскаяны “атайылап өлтүрүштү” деген пикирин билдирди.

Уайттын айтымында, Политковская айым “Орусиядагы жаңыдан калыптанган каарман кабарчылардын тобунун ичинен эң жүрөктүүсү” болчу.

Анын киши колдуу өлүмүнө каңырыгы түтөгөн орусиялык укук коргоочулар жана журналисттер маркумду чыныгы орус журналистикасынын символу катары баалашууда.

Чеченстан окуяларын чагылдырып жүргөн таанымал журналист Андрей Бабицкий Политковская айым Чеченстандын маскөөчүл өкмөтүнүн премьер-министри Рамзан Кадыровдун тушундагы укук бузуулар тууралуу ырааттуу иликтеп келгенин эскерип, айымдын өлүмү чечен окуялары менен байланыштуу болушу мүмкүн деген шегин да билдирди.

Эки баланын энеси болгон Анна Политковская айым Кавказдагы олуттуу окуяларды чынчыл чагылдырганы үчүн бир катар эл аралык сыйлыктарга (анын ичинде “Эмнести интернешнл” уюмунун кадыр-барктуу сыйлыгына) татыган.
XS
SM
MD
LG