Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:39

"АЛАС": ПРЕЗИДЕНТТИН КАЛПЫН БАШ ПРОКУРОР ОРУН БАСАРЫ АШКЕРЕЛЕДИ...


“Алас”

"Алас" гезити “Компартиядан таланган-демпартияда жалтак” деген баш сөз менен чыкты. Ушул гезиттин маалыматына караганда президент Курманбек Бакиевдин укук коргоо орган жетекчилери менен болгон кеңешмеде “Аскар Акаевдин үйбүлөө мүчөлөрүнө 106 кылмыш иши козголгон” деп айтканы калп болуп чыкты. Кечээ күнү башпрокурордун орун басары А. Нефоросных “Аскар Акаевге бир дагы кылмыш иши козголгон эмес” деп ырастады.

Ал эми Айдар Акаевдин үстүнөн болгону эки кылмыш иши козголуптур. Андан тышкары Майрам Акаева жетектеген “Мээрим” фондусу боюнча бир нече финансылык мыйзам бузуу фактылары гана иликтенип жатыптыр” деп кабарлайт.

“Башпрокурор Камбаралы Конгантиев атайын прокуратураны жоюу менен дароо үч мыйзамды: “Эмгек кодексин”, “Мамлекеттик кызмат” жөнүндөгү жана “Прокуратура” тууралуу мыйзамдарды одоно бузган. Ошого байланыштуу башпрокурорду кызматтан алуу тууралуу президент указы даярдалып жатат” деген каңшаар тарады. Ал ортодо Аскар Акаевдин адвокаты Галина Скрипкина экс- президенттин ар- намысына сөз тийгизди” деп Камбаралы Конгантиевди сотко бергени турат” деп маалымдайт “Алас” гезити.

Бул гезит президент Курманбек Бакиев энергосекторду концессияга берүү демилгесин көтөрүп чыкканын талдоого алып, буга карата саясатчылардын пикирлерин жарыялады.
“Бийлик өз кызыкчылыктарын гана ойлоп турат” дейт экс- министр Алмаз Атамбаев.

“Энергетиканы ортомчусу жок сатып,бүгүнкү күндө бул тармакты башкаргандарды алмаштыруу керек” деген пикирин билдирген парламент депутаты Камчыбек Ташиев.

“Кыргыздарга концессиянын пайдасынан зыяны көп” дейт ишкер Ахунбай Кошоев.

“ГЭСтерди концессияга бербей эле оңдоого болот. “Башкага берсек оңдойт” деген колунан иш келбеген кишинин сөзү” дейт депутат Өмүрбек Текебаев.


“Айкын”

“Бийлик кемеси эрип баратабы же тоңуп баратабы? деген фотоколлаж берип, саясатта күз күрөшү башталганын, бийлик өзү “матрешка” оюну менен оппозицияны козутуп алганын талдоого алган.

“Оппозиция 2- ноябрда Акүйдүн алдында мөөнөтсүз үлкөн митинг баштайт” деп маалымдайт.

Жогорку кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров ушул гезитке берген маегинде парламенттик башкаруунун артыкчылыктарын баяндаган.

“Парламенттик башкаруу болсо, момундай парламент болбойт. Анткени, партиялык тизме менен келет дагы, Кыргызстан боюнча көп добуш алган партиянын лидери өкмөт башчы болот. Ал командасы менен келет. Жоопкерчилик мойнунда болот. Бүгүнкү бийликте команда жок болуп жатпайбы?!” дейт депутат Азимбек Бекназаров.

“Жаңырык апта”

Журналист Бакыт Молдалиевдин “Оппозицияга “чоң салам” жолдогон президент, айтканы дайыма туура чыккан Азимбек Бекназаров” деген макаласында “депутат Азимбек Бекназаровдун айтымында, президент Курманбек Бакиев оппозицияны жок кылууга даярданып жатат. Мүмкүн мурда- кийин оппозицияга кол шилтеген президент чын эле эми чочулай баштагандыр” деп жазат автор.

“Элди эриктирбеген эл өкүлдөрү” деп Мелис Эшимканов, Абдурахман Абдуллаев жана Камчыбек Ташиевдин ишмердүүлүгүн талдоого алган.

“Курманбек “баатырдын” көзүнүн кареги менен тең айланган “Жаңы ордо” гезити Мелис мырзаны шыбамайын оокаты өтпөй калган шекил. Ага учкаша аты- заты белгисиз “Энесай” гезити да сандан- санга Мелис Эшимкановду “союп” жатыр” деп жазат Тариэл Акжолов.


“Замандаш”

Жаңы санында Жогорку кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев Варшава аэропортунда баңгизат менен кандайча кармалганы, провокация кандай жол менен уюшурулганын окурмандарга айтып, журналга интервью берген.

“Провокацияны жасаган адамдар өз кылмышын моюндарына алышпайт. Эгер алышса алар кылмыш жообуна тартылып, 10 жылдан ашык түрмөгө кетишет. Бул бир жагы. Экинчиси саясый жагы, Улуттук коопсуздук кызматы түздөн- түз президентке баш ийет. Күнөөлөрүн моюнга алса эле президент саясый жактан чоң минус алат. Балким кызматтан кетет. Ушунун кесептинен улам айттырбайт. Ошондуктан маселени жокко чыгарып, абсурдга жеткирүүнү көздөшөт”,- дейт парламент депутаты Өмүрбек Текебаев.

Бул жолу журналдын өзөк темасы өлкөдөгү билим берүү тармагынын күңгөй- тескейине арналып, талдоого алышты.


“Лица”

“Пирамида” телерадио компаниясынын президенти Адылбек Бийназаровдун интервьюсун жарыялады.
Анда бул телерадио компанияга Аскар Акаевдин доорунда дагы, учурдагы Курманбек Бакиевдин бийлиги тушунда дагы куугунтуктоолор уланып, телемунара тетиктери уурдалып, бут тосуулар болуп жатканы айтылган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG