Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

ОШ : БИРИНДЕГЕН ӨЗБЕК КООМДУК-МАДАНИЙ УЮМДАРЫ БИРИГҮҮГӨ БЕТ АЛДЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Буга чейин ар кандай жикке бөлүнүп келишкен Кыргызстандагы өзбек коомдоштуктарынын жана өзбек улуттук маданий борборунун лидерлери биригүү боюнча чечим кабыл алышты. Бирдиктүү бир борборду түзүү маселеси жакында болуп өтө турган республикалык өзбек улуттук маданий борборунун кезектеги курултайында добушка коюлмакчы.

Жакында болуп өткөн өзбек коомдоштук бирикмелеринин жана улуттук маданий борбордун лидерлеринин жолугушуусунда өлкөдөгү коомдук саясий кырдаал, улут саясаты талкууга алынып, мындай учурда улуттук азчылыктын кызыкчылыгын коргоо максатында бир ири уюмга биригүү зарылдыгы белгиленди. Биригүү демилгесинин башындагылардын бири өзбек улуттук маданий борборунун президентинин орунбасары Шавкат Тажыбаев мындай чечимге келүүнү учурдагы шарттар талап кылып тургандыгын белгилелди:

- Биз дагы бир айдан кийин чогулушубуз керек, бул демилгени аягына чыгаруубуз зарыл. Бардыгыбыз биригип республикалык улуттук маданий борбордун алкагында иш алып барышыбыз керек. Буга чейин чачылып-чабылып келгендигибизди, элге жакшырак кызмат кыла албай, ичара ынтымак жок болуп турган учуруларды барыбыз эстедик жана мындан ары бул жол менен барууга мүмкүн болбой калгандыгын барыбыз түшүндүк.

Ошол эле учурда жергиликтүү талдоочу Эркин Кожогелдиев буга чейин улуттук маданиятты өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү борбордун саясий уюмга айланып кеткен учурлары да көп болгондугуна токтолуу менен, улуттук негизде түзүлгөн уюмдардын саясатка аралашуусу туура эмес деген оюн билдирди:

- Улуттук маданий деген нерсе улуттук саясий нерсеге айланып, улуттун кызыкчылыгын көтөрүп, тилге статус берүү жагы, биз экинчи улут болуп калдык деп өздөрүнүн кызыкчылыгын көтөрүп чыга турган болсо, бул түпкүлүгүнө жакшылыкка алып келбейт. Бул мамлекет үчүн дагы, элдин тынчтыгы үчүн дагы кооптуу нерсе.

Анткен менен этникалык абал боюнча эксперт Абдумомун Мамыраимов өзбек улуттук коомдук бирикмелеринин бирдиктүү улуттук маданий борборго кошулуусун улуттук азчылыктын өкүлдөрү үчүн да, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн да позитивдүү көрүнүш катары баалады:

- Кийинки учурда ар кандай коомдор түзүлүп атат. Жыйналышта бардыгыбыздын максатыбыз бир болгондон кийин, өзбек эли гана эмес, кыргыз элинин бейпилдиги, мамлекеттик тынчтык үчүн деген максатты, биздин бөлүнгөнүбүз жалгыз гана өзбек элине эле эмес, бүтүн Кыргызстан элине залакасы тийет деген сөздөр айтылды.

Республикалык өзбек улуттук маданий борборуна Ош жана Жалалабат шаараларында уюштурулган өзбектер коому, Давыр сыяктуу бир катар коомдук уюмдар бириге тургандыгы боюнча маселе жакында боло турган курултайда каралмакчы. Алдын ала макулдашуу жыйынына Жогорку Кеңештин депуттары Давран Сабиров, Махамаджан Мамасаидов, Кадыржан Баатыров жана Инамжан Абдурасуловдор катышты.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG