Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

ОРУСИЯ - ӨЗБЕКСТАН БИРГЕЛЕШКЕН АСКЕРИЙ МАШЫГУУСУ БАШТАЛДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын түштүгүндөгү Краснодар крайында шаршемби күнү террорчулукка каршы орусиялык-өзүбекстандык аскерий машыгуу башталды. Ал окуу беш күнгө созулмакчы.

Орусиялык тараптан машыгууга Түндүк-Кавказ аскерий округу менен ава-десанттык аскеринин атайын жоокерлери катышып атышат. Өзүбекстан болсо Краснодар крайына өзүнүн 130 тандалган аскерлерин жиберген.

Краснодар крайында алар террорчуларга каршы күрөшүү жолдорун үйрөнүшөт дешет. Анализчилер болсо Орусия жакында БККУга (Биргелешкен Коопсуздук боюнча келишим уюмуна) кайта келген Өзүбекстан үчүн бул машыгууну атайын уюштурган дешет. Чындыгында алардан сырткары БККУ катарын түзгөн Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан окууга чакырылбаган.

Ал уюмдун маалымдоо катчысы Виталий Струговец «Азаттыктын» кабарчысына айткан жообунда бул машыгуу Биргелешкен Коопсуздукка эч тийешеси жок. Бул жерде тараптардын гана ички алакаларына тийиштиги бар шаани жатат:

«Орусия менен Өзүбекстан чындап союздаш боло баштады, анын катарында аскерий чөйрөдө да кызматташа баштады дегенди билдирет», - деген ал.

Анализчилер чөйрөсү баамдагандай Орусия мындан ары өзүнүн коргонуу саясатын КМШ жааты менен бирге жүргүзүүгө умтулат. «Иш жүзүндө - бул БККУ алкагындагы борборазиялык мамлекеттер менен бирге аракет жазоо дегенди билдирет. Андай таттуулукка биринчи кезекте (былтыр америкалык аскерий базаны көчүрүп ийген) Өзүбекстан менен жетишүү керек. Ошол эле учурда, ырасмий Ташкендин жолун жолдосун деп Маскөө кысым көргөзө баштаган, Кыргызстан менен да таттуу болгусу келет», - деп жазат, маселен, Анна Плотникова.

Мындай жагдайдын өзгөчө себеби бар экенин анализчи Андай Пионтковский айтат. Эл аралык террорчулук менен күрөштө Орусия өзүн Кошмо Штаттарына стратегиялык өнөкмүн деп жарыялаган. Бирок кийин ал оюнан айнып АКШны атаандашы катары, а балким, касы катары карай баштады. Ошол себептен:«Орто Азиядан, анын катарында, Кыргызcтандан Кошмо Штаттарын сүрүп таштоо аракетин Маскөө ачык эле жазап калды», - дейт Андрей Пионтковский

XS
SM
MD
LG