Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:57

АКШДАГЫ ИРИ ТЕРРОР ЧАБУУЛУНАН КЫРГЫЗСТАН КАНДАЙ САБАК АЛДЫ?


Мындан 5 жыл мурун 11-сентябрда Америка Кошмо Штаттарына жасалган террордук чабуул 3 миңге жакын бейкүнөө кишинин өмүрүн кыйды. Адистердин баамында, бул каргашалуу окуядан кийин Борбор Азия кубаттуу мамлекеттердин көңүл чордонунда болуп калды. Бул террордук чабуул Кыргызстан үчүн кандай өзгөрүүлөрдү алып келди?

Адистердин баамында, 11-сентябрда АКШда өткөн терактардан кийин жалпы дүйнөдө олуттуу өзгөрүүлөр башталды. Белгилүү саясат таануучу, Борбор Азиядагы Америка университетинин вице-президенти Бакыт Бешимовдун айтымында, 11-сентябрдагы теракттан кийин саясий кубаты чон мамлекеттер Борбор Азия мамлекеттерине көңүл бура башташты:

-2001-жылы 11-сентябрда болгон бул окуя дүйнөдө абалды түпкүрү менен өзгөрттү. АКШ жана башка батыш мамлекеттери Борбор Азияга чоң ынтызарлык менен карап калды. Эмне үчүн дегенде, Борбор Азиянын стратегиялык жайгашуусу бул дүйнөдө өтө маанилүү. Борбор Азиядагы элдердин жашоо шарты жакшы жагына өзгөрбөсө, туруктуулук болбосо, жалпы чатак абалды жаратат деп, ошондон чочулады.

Бакыт Бешимовдун белгилешинче, ошол алааматтан кийин Кыргызстан үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк пайда болду. Ошол мүмкүнчүлүктү Кыргызстан туура пайдаланышы керек, дейт Бакыт Бешимов:

-Ошол окуядан бери бизде тарыхый мүмкүнчүлүк пайда болду. АКШнын жана башка батыш өлкөлөрдүн кызыкчылыгы- бул биздин да улуттук кызыкчылыгыбыз. Ошону туура, өзүбүздүн пайдабызга иштетишибиз керек.

Айрым адистердин, саясатчылардын пикиринде, дүйнө өлкөлөрү террорчулук адамзатка канчалык чоң кайгы алып келээрин 11-сентябрдагы террордук чабуулдан кийин гана түшүндү. Маселен, саясатчы,
“легендардуу парламенттин” экс-спикери Медеткан Шеримкулов АКШдагы теракттардан кийинки өзгөрүүлөр Кыргызстандын коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзгөнүн айтты. Ал Кыргызстанда америкалыктардын коалициялык күчтөрдүн Манас аскер аба базасы жайгаштырылганын оң жагдайлар катары белгиледи:

11-сентябрдагы окуядан кийин дүйнөдө улутуна карбай, өңүнө карабай, динине карабай, бардык эл террорчулук өтө коркунучтуу экенин түшүндү. Мисалы, Шанхай уюмуна, Коллективдү келишимге кирген өлкөлөрдүн койгон максаттарынын бири-террорчулукка каршы күрөшүү. Террорчулукка каршы күрөшпөсөк бара-бара улам бир мамлекеттин аймагында ошол мамлекеттин коопсуздугун, туруктуулугун , эл менен бийликтин ортосундагы мамилесин барган сайын алсыратат. Бул өтө коркунучтуу,-дейт Медеткан Шеримкулов.

Америкадагы терракттардан кийин дүйнө өлкөлөрү террорчулукка каршы күрөш жарыялап, бирдиктүү стратегияны иштеп чыгышкан. Ошентсе да, бүгүнкү күндө терррочулуктун кесепеттерин көптөгөн өлкөлөр баштан кечирүүдө.

XS
SM
MD
LG