«Белый пароход» гезити бул санын Елена Авдееванын «Экономикалык экспансиябы же маданий революциябы?» деген макаласы менен ачты. Автор бул макаласында Кытай Кыргызстанга бекер берди деген тракторлор ал өлкөнүн жеке фирмасына таандык экенин, эми анын ээси ар бир трактордун жалпы баасынын 30 пайызын төлөп бергиле деп талап кылып атканын, катуу сүйүнгөндөн ал тракторлорду КТР аркылуу кайта-кайиа көрсөттүрүп жаткандар эми баштарын мыкчып, эмне кыларын билбей тургандыгын жазды.
Журналист ошондой эле «жаманды коногу бийлейт» деген кыргыз ылакабындагыдай, Кыргызстанга келип ишин баштаган эле чет элдик, кытайы болобу, түркү болобу, мейли кимиси болбосун, өзүлөрүн өзүлөрү билип, өтүктөрүн төргө илип жүргөндөрүн, Бишкек бүгүн мына ушул өңдүү тайраңдагандардын оккупациясында калгандыгына жаны ачыйт.
Ушул эле автор көлөмдүү дагы бир макаласын кыргыз президентинин Өзбекстанга даярдалып жаткан алдыдагы ырасмий сапарына арнап, эки өлкөнүн ортосундагы буга чейинки салкын мамилени жумшартуу үчүн эң эле ыңгайлуу учур келгенин, мына ушуну президент К.Бакиев пайдаланып кала алар бекен, деп жазат.
«Дело №» гезити март революциясынан кийин тартылып алынган Кара-Кече көмүр бассейниндеги «Беш сары», «Шарбон», «Ак жол», «Демилге» өңдүү көмүр карьерлери кайтадан өз ээлерине кайтарылып берилгенин, бирок булардын ичинен жалгыз «Беш сары» иштеп жатканын, калгандары Чыңгызхан келип кеткенсип «өлүү-тирүүсү» билинбей жатканын жазды.
Ушул эле санда саясат таануучу Нур Омаровдун «Исламчылар бийлик менен ачык эле каршылаша башташты» деген маеги басылды. Маегинде саясат таануучу Казакстан менен Түндүк Кыргызстан анын ою боюнча Борбор Азия деген түшүнүктөн алда канча алыс турарын, демек бул жагынан аталган аймактарда мындай коркунуч жоктугун, ал эми Түштүк Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан өңдүү өлкөлөр колдорун боорго алып жүрө бере турган болушса дагы 10-15 жылдан кийин аталган аймактарда «халифат» кадимкидей баш көтөрүп, туруп келерин сөз кылат.
«Слово Кыргызстана» гезити 1-бетин кыргыз президенти К.Бакиевдин Түркиядагы ырасмий сапарына арнады. Гезитте ошондой эле Бишкекте ачылган Дүйнө эл эпосторунун дүйнөлүк биринчи фестивалынан маалымат берилип, бүгүн Бишкекте «Дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын сактоонун жолдору жөнүндө» деген меморандумга кол коюлары жазылган.
Шайлообек Дүйшеев