Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

ТОГОЛОК АШУУСУНДА АЛТЫН КЕНИН ЧАЛГЫНДОО ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ


Рита Нурамамбет кызы, Ысыккөл Ысыккөл облусунун Кытай менен чектешкен Тоголок ашуусунда учурда алтын кенин чалгындоо иштери жүрүп атат. Кытайлык Хан-Вен аттуу адистин айтуусунда азырынча 17 тонна алтын бар экени аныкталды. Эгерде аны иштетүү колго алынса ошол өрөөнгө эки ишкана курулат.

Облустун борборунан 500 чакырымдай алыс турган Тоголок тоолорунан быйыл кытай ишкерлери алтын өндүрүү ниеттери менен өз адистерин таштап кеткен. Кытай менен чектешкен бул ашууда бүгүнкү күндө Хан-Вен аттуу адис башында турган атайын топ чалгындоо иштерин жүргүзүп жатат. Анын айтуусунда учурда бул жерден 17 тонна алтындын запасы аныкталды:

- Бул жерде 17 тонна алтын бар экенин билдик. Тоголок тоосунда 10 жыл кенин иштетүү болот деген маалымат бар, бирок аны толук аныктоо үчүн узак убакыт сарыпталса дагы аягына чыгаруу башкы максатыбыз. Анткени анын сапаты дагы Кумтөр алтындыкынан кем эмес - деди кен изилдөө ноябрь айына чейин уланарын белгилеген Хан-Вен.

Кытайлык адис 5 миң метр бийиктиктен жогорку аскалардан алтын өндүрүү жана ага жол салуу көп чыгымдарды келтире турган болсо бул иштен баш тартканга дагы туура келерин кошумчалады. Бирок, Тоголоктун Кытай Республикасынын чегине 8-10 чакырым жакын тургандыгы гана аларды кызыктырып атканын ачыкка чыгарган котормочу келечекте ишканаларды куруу дагы пландалып атканын адиси менен биргеликте мындайча белгиледи:

- Бизде эки ишкана болот, биринчиси алтын кен чыккан тоонун түбүндө, экинчиси Үчкошкон айылына салынат.

Алтындын запасы дагы, сапаты дагы Кумтөрдүкүндөй деп табылган Тоголок кенин изилдөөнү кытай адистерине уруксат берген кыргыз тараптын тиешелүү жетекчилеринен дагы маалымат алууга Ысыккөл облусунун губернаторунун биринчи орунбасары Калыбек Алышбаевге кайрылганыбызда, Тоголок алтын кени Ысыккөлдүн Жетиөгүз районунун аймагында турганы менен бул маселе жогорку бийлик менен сүйлөшүлүп, чалгындоо ишин мамлекеттик геология комитети тарабынан жүрүп атканын билдирип, облус кийлигише албай турганын белгилеп жооп узатты. Ал эми Үчкошкон айылына кытайлыктардын алтын кенин иштетүү ишканасынын курулушуна ал жердегилер түрдүү пикирлерин айтууда:

- Иштесе бизге деле жакшы болот эле. Мисалы, суу киргизип беребиз, мектепке, ооруканага жардам беребиз деп атышат, -деди Акылбек аттуу айылдын тургуну.

- Кытайга түшүп кеткенге жол салса оңой болуп калат экен, жол жапыс экен. Элге эмгек акысын Кумтөрдүкүндөй төлөп беребиз дешкен, анан билбейм көрөбүз да, -деди Марат Орозалиев.

Акшыйрак айылында калай кенин өндүрүү үчүн дагы кытай ишкерлери камылга көрүп атканын белгилеген аялдар жамааты өз кооптонууларын мындайча билдиришти:

- Ашуу аркылуу келип кытайлар басып алса кандай болот экенин билбейбиз. Чегаранын түбүндө болгондуктан коркуп атабыз. Азырынча эл чогулуп бир келишимге келе элек, - дейт Бактыгүл Турдакматова менен Анара Усупбаева.

Облустун борборунан 310 чакырым алыс болгондуктан жол күрөнбөй, кышында 3-4 ай киши каттабай калчу Акшыйрак айылындагылар алтын, калай өндүрүү кендери табылган бул өрөөндү Кытай эмес, Кыргызстандын жолу аркылуу өтчү Казакстан же Орусия мамлекеттери иштетсе деген сунуштарын айтышты.

XS
SM
MD
LG