Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Ирандан августтун аягына дейре өзөктүк отунду кайра иштетүү аракетин токтотууну талап кылган, Батыш мамлекеттери ал үчүн Тегеранга ар тараптуу жардам көрсөтүүнү сунуш кылган. Шейшембиде Ирандын бийликтери бул сунуш-талаптарга өз жообун беришти, азырынча анын толук мазмуну жарыялана элек, болгону Тегеран өзүнүн өзөктүк программасы боюнча “олуттуу сүйлөшүүлөр” баштоого даяр экени гана маалымдалды.
Шаршембиде АКШ Иран уранды байытуу аракетин токтоткондо гана сүйлөшүүлөр жөнүндө сөз болушу мүмкүн деп билдирди. Ак үйдүн басма сөз өкүлү Дана Пэрино.
- Биз Иран өзүнүн берген жообун абдан олуттуу көз караш деп эсептээрин моюнга алабыз жана аны сөзсүз көңүлгө алабыз. Ошол эле маалда Тегерандын жообу Коопсуздук кеңешинин өзөктүк отунду кайра иштетүү жана уранды байытууну токтотуу жөнүндөгү талаптарына жооп бербейт.
Орусия менен Кытай Ирандын жообу дыкат изилденип жатканын билдирип, Тегерандын өзөктүк программасынын тегерегиндеги кризисти дипломатиялык жол менен чечүү мүмкүндүгү караштырылып жатканын кошумчалашты. Ал тапта Вашингтондо Тегеранга каршы экономикалык санкциялар кабыл алынышы ыктымал деген пикирлер айтылууда.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жооптуу өкүлү Хавьер Солана эл аралык коомчулуктун талабына Ирандын берген жообун шашпай анализдеп чыгуу зарыл деп белгиледи.
Ирандын Улуттук коопсуздук Кеңешинин катчысы Али Ларижани Британия, Германия, Орусия, Кытай жана Швейцариянын элчилерине Тегерандын жообун тапшырып жатып: “Айрым маселелер так аныкталбаса да, биз болочок сүйлөшүүлөргө жол ачыш үчүн колдон келген аракетибизди жасадык”, - деп белгилей кетти. Анын алдында эле Ирандын Жогорку руханий лидери Аятолла Али Хаменеи Тегеран уранды байытуу ишмердигин токтотпойт деп билдирүү жасаган.