Мына ушул көргөзмөгө катышкан чеберлердин көпчүлүгүнүн эмгектери биринчи жолу мындай чоң көргөзмөгө коюлууда. Алардын бири Совия Петренко толкундануу менен мындай деди:
-Көргөзмөгө менин көптөгөн тааныштарым келишиптир, бирок мен аларга айткан эмесмин эмгектеримди коем деп. Мен аябай толкунданып жатам себеби буга чейин эмгектеримди элге көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Бул иш-чарага мен айымдар кийүүчү улуттук кийимдерди алып келдим. Ал кийимдерге украин саймалары түшүрүлгөн. Мен көбүнчө психологиялык жактан чарчаганда, көнүлүм түшүп турганда кийимдерге, буюмдарга сайма сайып эс алам. Ал эми ал өнөрдү чоң энемден үйрөнгөм.
Ал эми сүрөтчү Владимир Шевченконун бул көргөзмөгө коюлган сүрөттөрүнүн көпчүлүгү табият темасындагы сүрөттөр экен. Анын себебин сүрөтчү мындайча түшүндүрдү.
-Мен табиятты жакшы көргөндүктөн көп убактымды тоодо өткөрөм. Андыктан менин эмгектеримдин басымдуу бөлүгүн Кыргызстан менен Украинанын табиятын чагылдырган сүрөттөр түзөт. Мен өзүм Беловодский айылында жашагандыктан көбүнчө ушул айылдын тоолорун, талааларын, көлдөрүн тартканды жактырам. Ал эми Украинада бир жыл жашап келгем, ошондуктан аталган өлкөнүн да табиятын жакшы билем.
Жаш сүрөтчү Роман Гуманюк эмгектерин экинчи жолу элдин сынына коюууда. Анын чыгармаларында бир гана Украина өлкөсү, табияты, андагы имараттар чагылдырылган. Мына ушундай маанидеги көргөзмөнүн көрүүчүлөрүнө микрофон узатканыбызда төмөндөгүдөй ойлор айтылды:
-Көргөзмө жогорку деңгээлде уюштурулуптур. Өзгөчө мындагы сүрөттөрдө Украина менен Кыргызстандын ар тараптуу байланышы чагылдырылган экен. Мындай көргөзмөлөр Кыргызстанда жашап жаткан украин улутундагылар үчүн аябай керек деп эсептейм. Себеби дегенде улуттук кийимдер, буюмдар жана саймалар туурасында биздин балдарыбыз да билиши керек.
Ал эми Украинда билим алып келген Гүлайым Букараева мындай иш-чаралардын өтүп турушу достук мамилени чыңдайт дейт.
-Мен 1972-жылы Украинанын Запорожье деген шаарында мединститутту бүткөм. Ошол окуу жайда чогуу окуган курсташтарым бул көргөзмөгө чакырышкан экен. Көргөзмө менин оюмча жакшы уюштурулуптур. Мындай иш-чаралардын өтүп турушу улуттар аралык биримдигибизди күчөтөт деп ойлойм.
Көрүүчүлөрдүн мына ушундай баасына татыган, Украинанын көз карандысыздыгынын он беш жылдыгына арналган бул көргөзмө август айынын аягына чейин созулмакчы.
Айжан Шаботоева, Бишкек