Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

ГКЧП - СССРди сактап калуунун акыркы аракети


Орусиянын лидери Борис Ельцин кутумга каршы чыккандарга кайрылууда. 1991-жылдын 19-августу. Маскөө ш.
Орусиянын лидери Борис Ельцин кутумга каршы чыккандарга кайрылууда. 1991-жылдын 19-августу. Маскөө ш.

1991-жылдын 19-августундагы Москвадагы компартия кутумчуларынын бийликти тартып алуу аракети СССРдин кыйрашына өбөлгө түзгөн окуяга айланган. Аскер күчүнөн сестентип, айласы куруп калган бийликти сактап калуунун акыркы аргасы жасалган убактан бери он беш жыл өттү.

Өкүмзор бийликтин жаалын бираз жандырып, өлкөнү демократиялаштырууга киришкен президент Михаил Горбачевдун «кайра куруусун» жактырбаган өнөктөштөрүнүн осол аракети үч күнгө жаамы дүйнөнүн көңүлүн бурган чоң окуяга айланган.

Оңунан чыкпаган бийликти тартып алуу аракетинен аз өтпөй Балтика боюндагы республикалардын жолоюн жолдоп, калган союздук республикалар өз алдынчалыкка чыкканын жарыялап, эгемендик салтанаты башталды.

Мындан онбеш жыл илгерки окуяга бираз үндөш жаңырык өткөн жылы Кыргызстанда кайталанды. Анткен менен ушу азыр деле коммунисттик доорду айтып, өткөндү өзгөчө жылуу ыклас менен эңсегендер деле кыйла. Антишке эгемен өлкөлөрдүн текши баарына тиешелүү көпчүлүк калк турмушунун өтөле начарлап кетиши, баштагыдай социалдык колдоолордун көрсөтүлбөй калганы, анан да демократиялык эркиндиктердин жаңы бийликтин өзүм билемдигине айланып кетиши себеп болду окшойт.

ЮНЕСКО маселелери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Жыпар Жекшеев 1991-жылдын 19-августунда Бишкекте болчу.

Кыргызстан демократиялык кыймылынын жетекчиси жаштардын ыктыярдуу кошуундарын түзүп, демократиялык жаңы бийликти коргоп калуу аргасын издегендердин башында турган.

А кездеги жагдайдын кандайлыгын Ж.Жекшеевдин өзүнөн уксак.

- Б.Ельцин деле алгач эмне кыларын билбей арасат туруп калган. КДК мүчөлөрү чогулуп Өзгөчө штаб түздүк. А кезде азыркыдай козукарындай жайнаган партиялар жок эле. Коммунисттик партияга оппозиция жалгыз гана КДК болчу. Чогулуп кайрылуу кабыл алдык. КДКнын мүчөсү Сатыбалды Жээнбеков мамлекеттик телерадиокомпаниянын жетекчиси азаматтык кылып биздин кайрылууну мамлекеттик телекөрсөтүүдөн угуздурду.

Шериктеш өлкөлөрдүн ичинен жалгыз гана бизде Кыргызстанда улуттук телекөрсөтүү аркылуу кайрылуу берилди. Москвада да мындай болгон жок.

Акты-ак, караны-кара деп жазган биздин курч билдирүүбүздөн кийин Жогорку Кеңеш төрагасы Медеткан Шеримкулов, андан кийин экинчи жолу президент Аскар Акаевдин билдирүүлөрү чыкты.

Андан да а кезде Кыргызстанда союздун аскер бөлүктөрү турчу. Ал жерде кызмат кылып жаткан жоокерлер бизге каршы ок атпасын, карапайым элге күч колдонбосун, жоокерлердин маанайы кандайлыгын билип келишсин деп мүчөлөрдү аскерлер арасына жөнөтө баштадык.

Акүй менен президент А.Акаевди коргойбуз деп 20 миң ашуун адам ыктыярдуулардын тизмесине жазылышкан. Ал кезде А.Акаевге ишеним зор болчу.


Кыргызстан коммунисттер партиясынын координациялык кеңешинин мүчөсү экс-депутат Орозбек Дүйшеев Өзгөчө кырдаал боюнча мамлекеттик комитеттин мындан онбеш жыл илгери СССРди сактап калуу аракети туура болгон деп эсептейт.

Анын айтуусунда, калктын басымдуу көпчүлүгү социалисттик бирдиктүү өлкөнүн сакталып калышын колдоп, референдумда добуш беришкен.

- ГКЧП чыкканда биз Бишкекте элек. Биз коммунисттер союздун бир болуп турганын эле жактырабыз. Келечек ушундай, бардыгы биригиш керек акыры. Жакшы ойлонулбай жасалган ГКЧПнын ишке ашпай калганына капа болдук. Адам жана коммунист катары мен ушу ГКЧПнын жеңилип калганына капамын. Бул М.Горбачевдун саткындыгынан улам чыккан, ошонун тегерегинделилер жасашкан,- дейт О.Дүйшеев.

Москвада бийлик талаш ачыкка чыгардан аз мурда Кыргызстанда Курманжан датканын 180 жылдык мааракеси өткөн.

А кездеги маалымат жана басма иштери боюнча министр Абдыганы Эркебаев ГКЧП тууралуу кабарды Чоң Алайдан Ошко келип уккан.

- Чоңалайдан Гүлчөгө, андан Ошко келгенде угуп калдык. Казат Акматов экөөбүз ошол жерден эле Бишкеке жөнөдүк. К.Акматов президенттик кеңештин мүчөсү болчу, ал киши Акүйгө кетти. Маалымат каражаттары аркылуу баарына байкоо салып турдук.

Жаңы бийликтин абийири бийик экен. А.Акаев дагы М. Шеримкулов да билдирүү жасашып аны мамлекеттик төңкөрүш деп эсептешти.

Бул - союзду калтыруунун акыркы аргасы болду окшойт. Ошондон көп өтпөй башка союздук республикалар эгемендигин жарыялай башташты.

Биз да 31-августта Кыргызстан эгемендиги тууралуу жарнаманы кабыл алдык. Декларацияны мен жарнама деп такай ушинтип айтам.


А.Эркебаевдин ырасташынча, абсолюттук, тоталитардык, өкүмзор бийлик күч менен тартылып алынат. Жаңы бийлик ээлери өзүнө чейинкини сындоо менен саясий кадыр-барк топтоого умтулат.

- Абсолюттук, тоталитардык бийлик бар жерде же болбосо тартып алат, же болбосо аксарай төңкөрүшү болот, туурабы? Бийликке жеткенден кийин алар өзүн көтөрүш үчүн мурункуларын жамандайт, каралайт. Бул мыйзам ченемдүү нерсе.

Адам укугу боюнча кыргыз-америкалык бюронун жетекчиси Наталья Аблова Борбор Азия республикаларынын арасынан жалгыз Кыргызстанда гана ГКЧПга каршы ачык чыгуулар болду дейт.

- Биздин Москва, Ленинград элдик майданы, латыш элдик майданы, «Саюдис» кыймылдары менен тыгыз байланыштарыбыз бар болчу. Түнү менен телефон аркылуу чыгып, болгон кабарларды алып турдук. Алар көчөлөргө танктар киргенин айтып жатышты.

Кырдаал чынында эле коркунучтуу болчу. Ал түнү Москвада орусиялык Акүйгө келаткан танканы көчөдө токтотобуз деп турган үч жигит курман болду.

Кийинки күнү бизде да аянтка чыккандар болушту, биздин Акүйдү коргойбуз деп турушту. А бирок экинчи күнү кечинде жагдай өзгөрүлө баштады. Баарынан кызыгы, а күнү мамлекеттик телекөрсөтүүдөн Б.Ельцин менен анын жактоочулары эмне иш жасап жатышкандары көрсөтүлдү, -
деп эскерет Н.Аблова.

Августтагы төңкөрүштө Кыргызстандын жаңы бийлигин коргоп калууга даяр тургандардын түгөл баары арадан 14 жыл өткөн соң А.Акаевдин кызматын таштап кетишин талап кылышкандардын башында болчу.

1991-жылдын августундагы, 2005-жылдын мартындагы окуялардын ортосунда азыноолок окшоштук барбы?

Н.Аблова экөөнүн ортосундагы жалпылык коомдун активдүү мүчөлөрүнүн бийликке каршылыгынын тынч өткөнү, талаштын кыргын-сүргүнсүз чечилгени болду деген пикирде. Буга кошумча, экөөндө тең аскерлер арасында тынч элге ок атпоо, курал колдонбоо тууралуу үгүт иштери жүргүзүлгөн. Ушуну менен экөөнүн окшоштугу бүтөт.

Айырмачылыгы, Н.Аблованын ырасташынча, а кезде бийликти эч ким алмаштыргысы келген эмес.

Тарыхый милдетин аткарган системаны жаңыга алмаштыруунун кыйынчылыгы артынан оош-кыйыш окуяларды ээрчите келерин 1991-жылдын 19-августу дагы бир жолу ырастады окшойт.

Андан ким кандай сабак алганын эгемен өлкөлөрдүн кийинки тарыхы көрсөтүүдө.

2006-жылдын 19-августу.

XS
SM
MD
LG