Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:15

ДҮЙНӨДӨГҮ ЭРКЕ ӨЛКӨНҮН АВАНТЮРАСЫ АЯКТАЙБЫ?


«МСН»

6-августта Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматы тарабынан жүргүзүлгөн
антитеррордук операциядан Оштун Кара Суу мечитинин имамы Мухаммадрафик
Камалов окко учканын дагы бир жолу окурмандардын эсине салып, ошондон кийин
көп миң адам катышкан митинг токтобой койгонун, митингке чыккандар имамдын эмне үчүн атып өлтүрүлгөн себебин аныктап берүүнү талап кылганын, буга байланыштуу түштүктө абалдын мындан ары курчуп кетпеши үчүн Улуттук коопсуздук кызматы төрагасынын 1-орунбасары Жаныш Бакиев, Ички иштер министринин эки орунбасары- Өмүрбек Суваналиев менен Шеркозу Мырзакаримов барганын маалымдаган. Гезит ошондой эле намаз жума окулуп бүткөндөн кийин мечитке келген мусулмандар маркум М.Камоловдун уулу Рашот Камаловду Кара Суу мечитинин имамы болуп берүүсүнө макулдуктарын бергендигин, чечүүчү сөз республиканын муфтиятында калганын жазып чыкты.
* * *
Ушул эле гезитте көңүл бура турган дагы бир чакан маалымат бар. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинованын билдирүүсү боюнча Кыргызстан жарандарынын ичинен бүгүнкү күндө космоско уча тургандай ден соолуктагы адам табуу кыйын болуп калыптыр. Анткени адистердин айтуусунда өлкөдөгү элдин 12 гана пайызынын ден соолугу дурус болбосо калгандарынын дээрлик бардыгы жүрөк-кантамыр, тамак-аш сиңирүүчү органдардын дартка чалдыгуусунан жапа чегет, кош бойлуу аялдардын көпчүлүгү аз кандуулуктун ар кандай түрлөрүнөн азап тартышат. Гезит мындан тышкары Саламаттык сактоо министрлигинин башкы эндокринологу Светлана Мамутованын кант оорусуна , Кыргызстан ишкерлер союзунун президенти Өмүрбек
Абдрахмановдун экономика көйгөйүнө арналган макалаларын жарыялаган.

«ЭРКИН ТОО»

Гезит ушул жылдын өткөн айынын аягында Соң Көлдө фестиваль болуп, канчалаган жылкылар союлуп,канча миллиндогон акчалар сарпталганын жазып келип, эми ошол эле Соң Көлдө кайрадан августтун 20сынан 22сине чейин «Кыргыз
көчү» деп аталган дагы бир фустиваль өткөнү жатканын, Бишкекте темир жол вагондорун оңдоочу завод куруларын, келе жаткан ишембиде Таласта көзү ачыктардын семинары өтөрүн, Нарын районунда чыккан өрттөн 160 гектар буудай,
40 гектар арпа зыянга учураганын, дыйкандар тарткан чыгым 375 миң сомго жеткенин, Жалалабат облтелерадио компаниясынын жамааты өз жетекчиси Ырысбек Зулумбековго нааразы болуп КТРдын деректири К.Молдокасымовго кайрылуу
жолдогонун маалымдайт. Гезит кабарчысы Жума Мамбетов Кыргызстандын ички иштер министри Мурат Суталиновго бир катар жүйөөлүү суроолорун берип жообун күтөт.
«КЫРГЫЗ ТУУСУ»

Республиканын маданият министри Султан Раевдин «Улуттук идея…же улуттук идентификация штрихтери» аттуу макаласын жарыялады. Министр
мырза улутту улут катары сактап калуунун үч рухий өзөгү катары ошол улуттун тили, маданияты, сабырдуулугу экендигин белгилеген. «Кыргыз туусунда» мындан башка дагы бир катар макалалар менен бирге Кыргыз президентинин түштүк ай-
магы боюнча өкүлү,Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиевдин маеги
басылды. Оштун губернатору өлкөдо саясый кырдаал турукташпаса экономиканы көтөрүү кыйын болорун айткан.

«ЖАҢЫ КЫЛЫМ»

Бул гезит журналист Папан Дүйшөнбаевдин Израиль-Ливан согушуна карата автордун жеке көз карашын чагылдырган «Дүйнөдөгү эрке өлкөнүн авантюрасы аяктайбы?» деген аталыштагы көлөмдүү макаласын жарыялады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG