Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Казакстан жакында ракета кыйроосунан тарткан экологиялык зыян канчалык?


Маселен Орусиянын космос агенттиги Казакстанга Днепр ракетасынын кыйроосунан улам тийген экологиялык зыяндын өлчөмүн айтуу азырыча эртелик кылат деп эсептейт. Агентикттин өкүлү Игор Панарин кечээ билдиргенине караганда, эки тараптын эксперттери зыяндын өлчөмүн эсептөөнү улантмакчы жана иликтөө аяктаганга чейин бул тууралуу жарыялабоону макулдашкан.

Мунун алдында Казакстандын кыйраган ракета аймагына түшкөн Кызыл Ордо облусунун акими Икрам Адырбеков эколгиялык зыяндын өлчөмүн 340 миллон доллар деп атаган эле. Окуя 27-июлда болгон. Днепр ракетасы Байконур космодромунан учурулгандан 73 секунддан кийин кыйраган. Буга байланыштуу Орусиянын космос агенттиги компенсация төлөөнү убада кылган эле.

XS
SM
MD
LG