Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:23

МАРСКА УЧКУҢУЗ КЕЛЕБИ? ТҮНДҮК УЮЛ КУБУЛДУ? ТОНИ БЛЕР – АРНОЛЬД ШВАРЦНЕГЕРГЕ ҮЛГҮ


Марс планетасына учкуңуз келсе, ушу аптада Москвада башталган сынакка шашыңыз. Непада Түштүк уюлга саякатка жөнөп калсаңыз, видокамераңызды унутпаң. Британ өкмөтү жана атактуу артист Арнольд Шварцнеггер губернаторлук кылган АКШнын Калифорния штатты жер бетинде аба ырайынын жылуусуна каршы чогуу күрөшмөк болушту.

2007-жылы Россияда “Эксперимент: Марс-500” деген илимий экспедиция башталат. Жогорку билимдүү, жаш болуп, ден соолугуңуздан күмөн санабай, англис тилин мыкты билсеңиз, Москвада ушу аптада башталган сынакка катышып көрүңүз. Балким, сиз да Марска учуучу алты эр-азаматтын бири болуп калаарсыз. Тандалган 6 адам 500 күн абасыз капсулга камалып, күнү-түнү илимпоздордун байкоочу астында болот. 500 күндүк сынактын эң катаалы- кыйынчылыкты жеке жеңүүңүз зарыл: эч кандай жардам болбойт. Эксперименттин максаты узак мөөнөттүк экспедиция маалындагы адамдын жүрүм-турумун изилдөө.

Тагдыр буйруп, өткөн аптада Антарктикада болуп калсаңыз, өтө жылуу кийинүүңүз зарыл эле. Өткөн шейшемби күнү Түштүк уюлда абанын температурасы минус 87 градус болду. Мындай теңдешсиз суук Антарктиканын асманында бермет өңдүү булутту пайда кылды. Катуу суукта күндүн нуру муздун кристалдарына чагылып, бийик көктө жараткан бул асан-үсөн сыяктуу көк жашыл, кызыл жана сары түстүү булутту кээ учурда “бермет булуттун канышасы” деп да атап коюшат. Тилекке каршы, табият колунан жаралган мындай керемет кубулушту сиз сыналгыдан көрө албайсыз. Анткени, Түндүк уюл бир саамга түрдүү ыраңга бойолуп турганда, аны жалгыз гана автралиялык метеролог Ренэ Бейкер көрүп, фотоаппаратка тартып алды.

Улуу Британия менен АКШнын Калифорния штаты аба ырайынын ысып баратканын токтотуу үчүн чогуу аракеттенмек болушту. Британ премьер-министри Тони Блэр жана Калифорниянын губернатору Арнольд Шварценеггер өткөн аптада ушундай келишимге кол коюшту.

Келишимдин зарылдыгын Блэр мезгилдин катаалдыгы менен түшүндүрдү:

–Биз азыр өтө жооптуу мезгилде жашоодобуз. Анын катаалдыгы илимий жактан да маалым. Биз аракеттенишибиз керек. Анүчүн бүгүнкү келишимге кол коюп жатабыз.

Тони Блэр буга чейин 2050-жылга Британиянын ишканалары абага бөлгөн көмүртектин кычкылынын көлөмүн 1990-жылдагыга караганда 60 процентке кыскартууну сунуш кылган.

Дүйнөнүн эң бакубат өлкөсү - АКШнын президенти Жорж Буш өлкөдө жумуш орундарын жоготобуз деп, абага зыяндуу газдарды бөлүү жөнүндөгү эл аралык келишимге кошулган эмес.

Бирок, Арнольд Шварцнеггер экономиканы өнүктүрүүнү жаратылышты коргоо иштери менен удаа жүргүзсө болот деп санайт:

-Тони Блэр тасыккан лидер катары баарыбызга чоң дем берди жана ал экономиканы кубаттуу кылганга катар табият үчүн кам көрсө болоорун далилдеп көрсөттү.

Шварцнеггер жетектеген Калифорния штаты абага зыяндуу өндүрүштүк газдарды бөлүү жагынан былтыр дүйнөдө 12 -орунду ээлеген.
XS
SM
MD
LG