Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:10

26-ИЮЛДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1876-жылдын 26-июлунда Түркстан аскер округунун командачысы К. П. Кауфман орус бийлигине каршы турган Алай кыргыздарын баш ийдирүү туурасында буйрук чыгарган. Пишпек уездиндеги Сарыбагыш волостунда 1909-жылы өткөн шайлоого байланыштуу чыр түйүнү башталган.

1876-жылдын 26-июлунда Түркстан аскер округунун командачысы К. П. Кауфман орус бийлигине каршы турган Алай кыргыздарын баш ийдирүү туурасында буйрук чыгарган. Командачынын буйругуна ылайык генерал-майор Скобелевге Турук жана Шаты жергесине бекинген Абдылдабек, Сулайман удайчилердин жактоочуларын талкалоо милдети жүктөлгөн. К. П. Кауфмандын буйругунда Анжыян, Гүлчө, Ош жергесиндеги саясий кырдаал жана кыргыз урууларынын орус бийлигине жасаган мамилеси кабарланат.

Пишпек уездиндеги Сарыбагыш волостунда 1909-жылы өткөн шайлоого байланыштуу чыр түйүнү башталган. Бул туурасында ушул жылдын 26-июлундагы уезддик бийлик тарабынан толтурулган протоколдо кеңири кабарланат. Протокол маалыматына караганда Сарыбагыш болушун шайлоого 901 түтүн киргизилбей, анын натыйжасында шайлоо жыйынтыгы Шабдан Жантаевдердин пайдасына чечилген. Уезддик бийлик жүргүзгөн иликтөөгө шайлоо жүрүшүндө болгон кемчиликтер, бир тараптан экинчи тарапка жасаган кыянатчылыктары каттого алынган.

1919-жылдын жай айы совет бийлиги үчүн оор мезгил эсептелинет. Синьцзяндан Пржевальскиге оогон ак гвардия өкүлдөрү менен казак-орустардын тобуна каршы кызыл аскерлер чечүүчү аракет көрүп башташкан. Ушул жылдын 26-июлунда кызыл аскерлер Пржевальскинин чет жакасында козголоңчулардын тобун талкалоого киришкен.

1919-жылдын 26-июлунда Түп айылында кулактардын козголоңу чыккан. Козголоңчулар Пржевальск шаарын курчоого алышып, жергиликтүү бийликтин ишине коркунуч жаратышкан. Кулактардын козголоңу кызыл аскерлердин күчү менен басылган.

1911-жылы Бедел ашуусундагы кыргыз-кытай чекарасын тактоого жөнөтүлгөн поручик-картограф Ледомский, 26-июлда Чоңтерек суусунун жогорку агымынан Кытайда жашаган черик уруу өкүлдөрүнүн куралдуу каршылыгына кабылганын жазган.

Бул күнү 1993-жылы Советтер Союзунда 1961-1993-жылдары жүгүртүлгөн акча үлгүлөрү колдонуудан алынып, Куба республиксында улуттук боштондук күнү белгиленип, 1856-жылы атактуу жазуучу Бернард Шоу, 1875-жылы улуу ойчул Карл Густав Юнг жарык дүйнөгө келип, 1908-жылы АКШда ФБР негизделген.

XS
SM
MD
LG