Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:39

АСМАН ЫРААК - ЖЕР КАТУУ


Анжиян окуяларынын оор сабактарынан кийин Өзбекстанда адам укугунун сакталышы жаатында азыноолок өзгөрүүлөр болдубу?

Белгилүү журналист Абдырахман Ташеновдун айтуусунда, Өзбекстандагы адам укугунун сакталышындагы толгон-токой мыйзам бузуулар жөнүндө кеп кылуу кийинки жылдары чет эл маалымдоо каражаттарынын туруктуу темасына айланып кетти.

- Бир чети көп айтылчу сөз болуп калды, экинчиден бул оор проблема. Себеби белгилүү, коом кандай болсо адам укугу, эркиндигинин сакталышы ошондой болот. Жанындагы башка мамлекеттер сыяктуу эле Өзбекстанда адам укугунун бузулушу арбын учуроодо. Анжиян окуяларынан кийин бул жердеги укук бузуулар, жалпы эле постсоветтик өлкөлөр чоң сынга кабылды. Менин оюмча, мындай проблема жалаң эле Өзбекстанда эмес, Казакстан, Кыргызстан, Орусияда деле жолугат. Анжиян окуяларынан кийин бул маселеге ашкере чоң маани берилип, шермендечилик катуу айыпталды. Эгер Казакстан менен Кыргызстан азыркы саясатынан тайбаса 3 - 4 жылдан кийин Өзбекстандын кейпин кийип калышы толук ыктымал,- дейт Абдурахман Ташенов.

Атын атагысы келбеген өзбекстандык укук коргоочу бийлик оппозицияны элге суук тумшук көрсөтүп , жаманатты кылуу амалында ислам фундаментализми шылтоосун алдыга жаюуда дейт.

- Ислам фундаментализми деген шылтоонун алдында дүйнөнүн көп мамлекеттери иш жүргүзүүдө. Ал биздин Өзбекстандын өкмөтүнө абыдан жагып, колдон келишинче пайдаланууда. Жөнжай адамды «бул ислам фундаменталисти», «бул Хизбут-Тахрирчи», «вахаби» деп айыптап камап коюшу мүмкүн. Адам укугун коргоочу катары өзүм күбө болгон окуялардан улам айтып отурам, өкмөт саясатын ачык колдобогон, өз пикирине ээ адамды ислам фундаменталисти деп айыптап камап коюшу ыктымал.

Адам укугун коргоо комитетинин Фергана вилайетиндеги тескөөчүсү Абдусалам Эргашев Анжиян окуяларынан кийин адам укугун басмырлоо, «катуу кол» саясаты күчөп кеткенин маалымдады.

- Анжиян окуяларынан кийин мына 1 жылдан ашуун убакыт өттү, абал жакшырмак турсун катуу жагына кетти. Анын мисалдары толтура, укук коргоочулардын көбүнүн камалып, калгандарынын өлкөсүн таштап чыгып кетиши эле көрсөтүп туру. Анжияндын жаңырыгы Ферганага, бүтүндөй Өзбекстанга чоң таасир көрсөттү. Кабарыңыз бардыр, мына жакында Кашкадарыяда 70 жаштан ашкан укук коргоочу Ядгар Турлубеков камакка алынган. Ушу азыр мээ кайнаткан ысыкта аны Бухарадан Кашкадарыяга камак машинеси менен суракка алып келип, алып барып жатышат. Жетимиштен ашкан кары адам үчүн бул өтөле оор. Анжиян окуяларынан кийин эларалык уюмдар кууп чыгарылды.

Абдусалам Эргашевдин айтуусунда, эларалык бейөкмөт уюмдар ээлеген жайда укук коргоочулар жолугушуп, маалымат алышып турушчу, эми андай мүмкүнчүлүк да жок. Өзгөчө оор ахывал Анжиян качкындарынын мойнуна түштү. Алардын биртобу Кыргызстан менен Казакстанда башкалкалап жүрүшөт.

- Өзбекстандан айласыз чыгып аткандарды жубатчу бир гана сөз бар. «Асман ыраак – жер катуу!» Кайсы жерге барышын биле албай отургандар да аябай көп,- дейт Абдусалам Эргашев.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG