18-июлдагы массалык маалымат каражаттары “Манас” аба майданында жайгашкан америкалык аскер базасынын ижара акысы боюнча кыргыз-америка сүйлөшүүсү оң жагына чечилгени тууралуу кеп кылышкан.
Келерки жылы Кыргызстанга 150 миллион доллар өлчөмүндө жардам жана компенсация төлөнүп бериле турган болду. «Кыргызстандагы бир дагы экономикалык объект бир жылдын ичинде мындай киреше бербейт» - деди өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов “Эркинтоо”, “Кыргыз туусу”, “Слово Кыргызстана” гезиттерине берген маалыматында.
“Эркинтоо” гезитине берген маегинде Нарын облусунун губернатору Жыргалбек Азылов: “Соңкөлдөгү фестивалды, мындай маданий иш чараны өткөрүүнүн зарылдыгы бар, айрыкча биздин тоолуу регион үчүн. Себеби, бул фестиваль облуста биринчи жолу коммерциялык негизде туризм тармагын өнүктүрүү максатын көздөгөн маданий иш чара болууда. Аты фольклордук болгону менен, заты туризмди өнүктүрүүгө арналган. Фестиваль негизинен демөөрчүлөрдүн колдоосу менен өтүүдө.
Мында башкы демөөрчүлүктү “Кока-Кола”, “Ата”, “Деташ”, “Бета-Сторес”, “Бител” компаниялары, Нарын облмамадминистрациясынын алдындагы коомдук фонду, жергиликтүү ишкерлер көтөрүшүүдө.
Фестиваль үстүбүздөгү жылдын 28-29-30-июлунда үч күн бою кереметтүү Соңкөлдүн жээгинде өткөрүлөт. Мындай фестивалды Нарын облмамадминистрациясы жана КР маданият министрлиги биргеликте, “Рухтун 100 долбоорунун” алкагында уюштурду,”- деп билдирген губернатор.
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков 2-7-июлда кыргыз делегациясын жетектеп, Украина өлкөсүнө жумушчу сапар менен барып келгенин, Украинанын парламентинде болуп жаткан кризиске токтолуп, Украина 29 миллион доллардын кыргыз мамлекетине төлөп бериши керектигин айтып, ошондой эле «Кумтөр» боюнча да олуттуу маселелерди көтөрүп, алардын келишимдери Жогорку кеңеш аркылуу ратификацияланбаганын «Эркинтоо» гезити аркылуу билдирген.
«Кумтөр» ишканасынын иштеп жатканы таптакыр мыйзамсыз. Анткени, алгачкы түзүлгөн келишим ушул кезге чейин парламент аркылуу ратификациядан өткөн эмес. Эгер күзгө чейин «Кумтөр» жогорудагы маселелерди чечпесе, мен Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизгенге аракет кылам. Эмне үчүн биз мисалы, өтө уулуу химикаттар колдонулган 1 тонна калдыктарды татынакай жерибизге төгүшсө, араң эле 1 сом 22 тыйын алышыбыз керек?! Азыр калдыктарды сактоочу жайлардын алды четинен жарылып жатат деп айтышууда. Мен жакында ал жакка атайын эксперттерди алып барамын. Ал жактын топурагын, суусун, мөңгүсүн, өсүмдүктөрүн, жолдон басып өткөн айылдардын экологиясын бүт лабораториялык текшерүүдөн өткөрөбүз» деген парламент төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков.
“Мындан бир жыл мурун коңшу Орусияда 6 кг 130 грамм салмактагы орус жараны төрөлүп, бүткүл дүйнөгө жар салынса, жакынкы күндө, тактап айтсак, 28-июнь күнү эртең менен саат 6да кыргыз тарыхында биринчи жолу 6 кг 140 грамм салмактагы кыргыз уулу төрөлүп, жергебиз дүң дей түштү. Мына ушул биз сыймыктанган жаш наристе Нурэмирдин түпкү теги да, мурдагы Качыке баатыр, Байзак баатыр, атактуу балбан Кожомкул Кааба уулу, ошондой эле кадырлуу таланттар Мидин Алыбаев, Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева чыккан айтылуу Нарын жергесинин Жумгал өрөөнүнөн окшобойбу. Айтор, кыргызга экинчи Манас төрөлдү” деп жар салат “Эркинтоо” гезити.
“Баланын салмагы 6 кг 140 грамм болсо, узундугу 68 см (негизи, орто эсеп менен көбүнчө 50 см болот), ал эми башы 39 см (көбүнчө 35-36 см болуш керек) болуп төрөлдү. Төрөлгөндөн кийин дароо эле ыйлап, ошол эле күнү эне сүтүн эме баштады. Эң негизгиси - баланын да, эненин да ден-соолугу жакшы, эч кандай коркунуч жок. Нурэмирдин апасы – Махабат Абышова,кесиби - врач-терапевт, 32 жашта.
- Бул биздин экинчи балабыз. Биринчи балам да 5 кг төрөлгөн. Нурэмир үйгө чоң кубаныч алып келди»,- дейт апасы.
Атасы - Рустам Сакиев, кесиби экономист, учурда «Строй Арсенол» дүкөнүндө тейлөө кызматынын башкы адиси, 32 жашта.
- Менин сүйүнүчүмдүн баары ичимде. Эмне дейбиз, төрөлгөндө эле таанымал болуп төрөлдү, өмүрү узун болсун, акыл-эстүү болуп чоңоюп, элине кызмат кылсын. Кыскасы, эл керегине жараган кыргыз элинин атуулу болсун,- деген атасы.
“100 долбоордун 48 долбоору ишке ашты”деп белгилейт өлкөнүн маданият министри Султан Раев “Кыргыз туусуна” берген маегинде. “Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүнөн келген маданият ишмерлери менен бир катар келишимдерге кол коюп, биргелешип иштөө боюнча да долбоорлорду макулдаштык. Алдыда Ысыккөлдүн Тамчы айылында “Оймо маданият диалогу” фестивалын, “Соңкөлдү Манас жердеген” фольклордук фестивалын өткөрүү алдында турабыз” дейт маданият министри Султан Раев ” Кыргыз туусу” гезитине берген маалыматында.
Кыргыз мамлекетин жана анын улуттук идеологиясын- боз үйгө салыштыруу менен эне тилди - түндүккө, элдин каада-салтын, үрп-адатын, маданиятын-уук менен керегеге салыштырып, улуттук идеологиянын өзөгүн “Манас” эпосу түзөөрүн өлкөнүн мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Ташпоо Жумагулов “Кыргыз туусу” гезити аркылуу чечмелеп, кеңири макаласын жарыялады.
“Эл көптөн көп күткөн революциянын талаптары аткарылган жок. Экономикада сезилээрлик жылыштар байкалбайт. Энергетика тармагын ойлогон эч ким жок. Бийликтегилер иштин жеңилине качышып, өздөрүнүн кызыкчылыктарын гана ойлошот. Киреше берчү мамлекеттик мааниси бар обьектилерди башкаларга өткөрүп берүүнүн үстүндө гана баш оорутушууда. Элди ойлогон эч ким жок. Курулуш материалдарынын баасы күндөн - күнгө кымбатттоодо. Электр энергиясындагы жоготуу 45 пайыздан төмөндөбөй койду. Бийлик башындагылардын кылган иштеринин эч бир дайны жок” деген пикирин 18-июлдагы “Жаңы кылым” гезити аркылуу саясат таануучу Бегиш Ааматов билдирип, бийликти сынга алган.
“Чет өлкөлүк инвесторлордун шалаакылыгынан, жоопкерчиликсиз мамилесинен улам “Жерүй” алтын кенин иштетүү экинчи Барскоон трагедиясына алып келиши ыктымал” деп маалымдайт “МСН” гезитинин кабарчысы Сергей Быков.