7-июлдагы “Агым” гезити “ Жогорку окуу жайлардын бары да балээ, жогу да балээ” деген баш сөз менен чыкты. “Атамдан калган көлүм бар, аңтарып түшсөң көлдү ал!” деген фотоколлаж да берилип, Ысыккөлдүк жээгинде эшек минген Курманбек Бакиев менен Нурсултан Назарбаевдин оодарышка түшүп жаткан сүрөттөрү жарыяланды “ деп маалымдайт “Агым” гезити.
“Агымдын” гезитинин кабарчысы Семетей Талас уулу “Сарыжаз” жабык акционердик коомунун төрагасы болуп эск-министр Алмазбек Атамбаев шайланганын маалымдап, Сарыжаз дарыясына 5 ГЭС курулаарын, анда өндүрүлгөн электр энергиясы Кытайга импорттолоорун жазган. “Аны каржылоо үчүн Батыштын дөө финансы структуралары кол сунуп жатышат. Негизги техникалык тетиктерди даярдап берүүгө АКШ, Германия, Жапония, Орусия сындуу дүйнөлүк өндүрүшчүлөр даяр турушат. Ушул жерден кооптоно турган жагдай Кытай мамлекети өзүнүн бир аз арзан жана сапатсыз продукциясын кандайдыр жолдор менен таңуулаашы толук мүмкүн” деп тынсызданат автор.
Транспорт тармагы да чоң мафияга айланганын, Кытайдан, Германиядан келген автобустар сатылып кеткенин, кичиавтобустарды пайдалануу менен айрым чиновниктер салык төлөбөй байып жатышканын Бишкек шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу агентигинин директору Абдрахим Абдрасулов “Агымга” берген маегинде кеңири сөз кылган.
Жогорку кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин “Президенттик башкаруудан баш тартса, Курманбек Бакиев тарыхта калат эле” деген темадагы маеги да “Агымга” жарыяланды. “Өнүккөн өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө парламенттик башкаруу. Парламенттик түзүлүш бул элди бир жакадан баш чыгартып бириктире турган система. Партиялык тизме менен шайлоо калкын калың катмарынын негизги мүдөөлөрүн камтыйт. Ажырым, бөлүнүп- жарылуу болбойт. Бул билгенге абдан манилүү, баалуу нерсе” дейт депутат Осмонбек Артыкбаев.
Мындан сырткары ал учурдагы бийликтин кадр саясатын, экономикалык өнүгүү багыты жоктугун, социалдык кризис тереңдеп кеткенин, укук коргоо системасын реформалоонун зарылдыгын айтып, менчик бөлүшмөй, канталамайдын аягы басыла электигин, өлкөдөгү башаламандыкты сынга алган.
“Кыргыз руху” гезити экс-президенттин уулу Айдар Акаев Маскөөдө “Кечки Бишкек” аттуу оюн-зоок объектисин куруп атканын, Ысыккөлдүн жээгиндеги 4 пансионат – “Автомобилист Казахстана”, “Салам” эс алуу жайы, “Казакстан санаторийи”, “Университет” эс алуу жайлары Казакстанга белекке берилип кеткенин кабарлады.
Ал эми ушул күнү жарыкка чыккан “ Кыргыз туусу”, “Эркинтоо”, “Жаңы кылым”, “Жаңы ордо” ” гезиттери “Кыргыз- казак бир тууган” дешип президент Курманбек Бакиевдин Казакстанга расмий сапары ийгиликтүү болгонун, ондон ашуун келишимдерге кол коюлуп, казак инвесторлору өлкөгө келээрин, биргелешкен долбоорлор башталаарын кеңири баяндашып, репортаж беришти. Макалалардын негизги өзөгүн кыргыз президентинин Казакстанга жасаган ырасмий сапары түзөт.
“Жаңы ордо” гезити да бул жолку санында өлкө башчысынын Казакстанга барган сапары аябай жемиштүү болгонун, эки өлкөнүн экономикалык алакасын жаңы деңгээлге көтөрө турган он бир документке кол коюлганын белгилейт.
“Өткөн жылдары биз саясат менен алпурушсак, казактар экономика менен алектеништи. Казакстандын өнүгүшү бизге үлгү” дейт “Кыргыз туусуна” берген маегинде биринчи вице- премьер- министр Данияр Үсөнов.
7-июлдагы “Эркинтоо” гезитине “Азыр “Кумтөрдүн” иштеп жатканы да мыйзамсыз болуп эсептелет. Себеби “Кумтөр” боюнча кыргыз өкмөтү менен канадалык компаниянын ортосундагы 1993- жылкы келишим эмдигиче парламент аркылуу ратификациялана элек. Бул мыйзамды эң орой бузуу. Демек, ошончо жылдардан бери “Кумтөрдү” казуу иштери мыйзамсыз жүргүзүлүп жатат дегендик. Аскар Акаевдин убагында бул “Кумтөр” маселесине чымын да кондурчу эмес” деген пикирди Жогорку кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков билдирген.