Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:19

ТҮРМӨНСТАНДА ЖЕТИ АДАМДЫН ТӨРТӨӨСҮ АБАКТАН ЧЫКТЫ, КАЛГАН УКУК КОРГООЧУЛАРДАН КАБАР ЖОК


Төрөкул Дооров, Прага “Чек арасыз репортерлор” деп аталган эларалык уюм “Чоң сегиздикке” кирген мамлекеттерди Түркмөнстанда дээрлик үч апта мурун кармалып кеткен жети журналисттин жана укук коргоочулардын абалына түздөн түз кийлигишүүгө чакырды. Кабарда “алардын абалы өтө оор” деп айтылат. Бул чакырык менен эларалык уюмдар 15-17-июлда Санкт-Петербургга чогула турган баардык “Чоң сегиздиктин” лидерлерин түркмөн бийликтерине катуураак басым жасап, ошол жети адамды бошотуп алууну максат кылышты. Ушул аптада кармалып тургандардын айрымдары бошотулганы белгилүү болду.

“Amnesty International” эларалык уюму бейшембиде билдиргендей, 1-июлда түркмөн бийликтери ошол жети адамдын төртөөсүн түрмөдөн бошотушту. Алардын үчөөсү “Азаттык” радиосунун түркмөн редакциясынын кабарчысы Огулсапар Мурадованын балдары, дагы бирөө - укук коргоочу Елена Овезова.

Тажигүл Бегмедова – Укук коргоочу эларалык Хельсинки тобунун түркмөн бөлүмүнүн жетекчиси. Бегмедова бошотулган төрт адамдын айрымдары менен азыр утуру байланышып, кабар алып турат. Биз Бегмедова менен телефон аркылуу байланышып, бошотулгандар абакта кандай шарттарда кармалышканы жөнүндө сурадык.

- Аларды эле эмес, жалпы эле Түркмөнтанда түрмөгүлөрдү кармоо шарттары эч кандай эларалык нормаларга туура келбейт. Шарттар аябай начар. Өзгөчө, ушу күндөрү Түркмөнстанда өтө ысык. Ага карабай, Огулсапар Мурадованын балдарына туугандары алып келип жаткан суу, дары-дармектерди беришкен эмес.

Ал адамдар бошотулганы менен түркмөн бийликтери эмне үчүн аларды бир нече күн суракка алышканын түшүндүрүшкөн да жок. Тажигүл Бегмедованын айтымында, Мурадованын уулун ээрчитип алып, түркмөн укук коргоо органдарынын өкүлдөрү журналисттин үйүнө барышкан да, анын компьютерин, журналисттик макалаларын алып кетишкен. Ошол эле учурда, тинтүү жүргүзүү үчүн тийиштүү документтер түзүлгөн эмес.

Огулсапар Мурадова өзү дале абакта. Аны менен бирге дагы укук коргоочулар Аннакурбан Аманклычев менен Сапардурды Хажиев бар.

- Азырга чейин түркмөн бийликтери эмне үчүн ал укук коргоочулар кармалганы тууралуу эч түшүндүрмө берише элек. Алардын туугандары алып келип жаткан кийим-кече, дары-дармектерди да беришпей жатышат. Аларга азырга чейин ырасмий түрдө эч кандай кине тагыла элек, - деди биздин суроолорго жооп берип жатып, Түркмөн Хельсинки укук коргоо уюмунун төрайымы Тажигүл Бегмедова.

Бүгүн, 7-июлда, Франциядагы “Чек арасыз репортерлор” тобу Париждеги түркмөн элчилигинин имараты алдында пикет уюштуруп, “Азаттык” радиосунун кабарчысы Огулсапар мурадованы абактан бошотууну талап кылды.

XS
SM
MD
LG