Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:25

ТАЛАС : БЕКЕР ДАРЫЛАНУУ ЭЛГЕ ЖАКШЫ, А ДОКТУРЛАРДАН КИРЕШЕ КАЧТЫ


Уланбек Эсенгелди уулу, Талас Медицина тармагына быйыл жаңы реформа кирип, төрөгөндөргө, беш жашка чейинки балдарга жана 75 жаштан кийинки курактагы кары-картаңдарга дарылоо бекер деп өлкө президенти тарабынан да, массалык маалымат каражаттарынан да жарыяланган. Бирок Таласта ал реформанын аткарылышы кыйын болуп келүүдө.

Талас облустук биргелешкен ооруканасы Кыргызстан боюнча биринчилерден болуп жаңы “Манас таалим” долбоору менен иштеп жатат. Мурда облустан каржыланып келсе, быйылкы учурдан баштап республикадан каржыланмакчы. Облустук оорукананын башчысы Замир Сооронбаев жаңы реформа Таласта кандай иштеп жатканын төмөнкүчө айтты:

- Талас облусунда реформанын эң башкы этаптары башталды. 53 млн. доллар реформага бөлүнүп атат. Төрөткө келген аялдар, беш жашка чейинки балдар, 75 жаштан жогорку пенсионерлер бекер дарыланууда. Бул акчаны бюджеттен компенсациялоодо. Дары-дармеги, тамагы баары бекер.

Баары бекер деп айтылганы менен ооруканада жаткан беш жашка чейинки баланын энеси кымбат дары сатып алып атканын билдирди:

- Атым Жамийла Мырзалиева. 130 сомго эки дарыны сатып алдык.

Ал эми балдар реанимациясында көп жылдан бери иштеген дарыгер Дамира Кармышева жаңы реформа карапайым элге жакшы болгон менен жөнөкөй дарыгерге зыянын тийгизип жатат деп билдирди:

- Бекер дарылануу эл үчүн жакшы. Азыр ооруканаларда өзүн-өзү каржылоо болуп атат, өкмөт жактан бюджетке чек коюлган экен. Ошол чектен чыкпай иштешибиз керек экен. Ошонун чегинде биздин кызматкерлерге айлык төлөнөт. Ошондой болгондо биздин сооплатниктер азайып, айлыгыбыз азайып, ставкаларыбыз кесилип атат. Мисалы мен эки ставкада иштеп атам. Айланып келип эле бюджет чектелип атат.

Талас облустук ооруканада бүгүнкү учурда 275 керебет бар. Жапония мамлекетинин Жайка фирмасы тарабынан жаңы дарылоо эмеректери менен каржыланган.

XS
SM
MD
LG