Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

АЗАМАТ АЛТАЙ : КЫРГЫЗДАР ЭГЕМЕНДИКТИ САКТАЙ, УРМАТТАЙ БИЛГИЛЕ!


Маектешкен Жаркын Суран кызы Азамат Алтай "Азаттык" радиосуна берген акыркы маегинде Кыргызстандагы азыркы чыңалган кырдаалга кайгырып, кыргыз бийлигинин намысына тийген сөздөрдү айткан эле. Ал кыргыз калкын эгемендиктин баркын кастарлап бийик баалоого, ынтымакты чыңдоого чакырган болчу.

- Кыргызстандык бир топ адамдар сиздин ден-соолугуңуз боюнча, сизди Кыргызстанды сагынды бекен, карылык мезгилде Кыргызстанга келип жашаса кандай болот эле деп билгилери келет?

- Менин аялым өлдү, аялымдын жанына көмүлөм. Кыргызстанда боткоңор кайнап, бири-бириңерди жек көрүп жатасыңар. Кыргызстанда мага жер жок. Азыр өзүлөрүн бир топ тартипке салып, мамлекетти бир аз алдыга жылдырса, жакшы болор эле.

- Азамат аба, быйыл канча жашка келдиңиз?

- 1920-жылы 15-сентябрда туулгам, 85 өткөрүп 86 кадам бастым.

- Ал-абалыңыз жакшы элеби, ден-соолугуңуз кандай?

- Колум титирейт, Паркинсон оорусу менен ооруйм, буту-колум шишип атат, жакшы жүрө албайм.

- Азамат аба, Азаттык радиосун угасызбы? Мындан 50 жыл мурда кандай эле, азыр кандай?

- Бир аз угам. Менимче түзөлүп баратат, жетишкен жакшы журналисттер колдорунан келишинче иштеп атышат. Өзүм баштаган ишти уланткан балдар-кыздарга мен ыраазымын.

- Былтыр суроо уюштурганда айттыңыз эле, Кыргызстанды сагындым деп. Кемпириңиздин жанынан чыга албай атканыңызды айттыңыз эле. Кемпириңиз кайтыш болуп кетти, сизди Кыргызстанга келишиңизди каалайт көпчүлүк?

- Көпчүлүк каалаган менен алардын колунда иш жок. Кыргыз калкы алдыга кетиштин ордуна артка кетип атат. Бири-бирин ушактап, көрө албастык бул өтө начар адат. Азыркы чоңдор алдындакылардан жакшы болбойт. Силер революция дейсиңер, бул революция эмес, бул орун алмашуу, бийлик талашуу. Жаманга башчы болгончо, жакшыга кошчу бол деп айткан элем бир кезде Акаевге. Байкуштар кошчу болуп эми тентип кетти. Алар жазасын алды. 10-15 жылдын ичинде элди бир аз алдыга жылдырыш керек эле, ал айланасына жаман адамдарды топтоп алган. Азыркылар да ошондой. Азыр бири-бириңерди куугунтуктап, бири-бириңерди өлтүрүп жатсаңар алдыга жылбайсыңар.

- Азамат аба, сиз кайсы жерде жашайсыз?

- Мен Ньюйоркто жашайм. Кыргызстандан келген кыргыз аялдар “Азамат аба кумурска кайнаган жерде жашайт экен, кантип күн көрүшөт байкуштар” деп айтып кеткен эле. Мына ушул кумурсканын жериндемин.

- Азыр жаныңызда ким бар?

- Азыр жанымда Гүлнара деген жээним бар. Бир тууган карындашымдын төртүнчү кызы.

- Кемпириңиз ооруканада каза болдубу же үйдөбү? Кемпириңизди кайсы жерге койдуңуз?

- Ооруканада каза болду. Коштоштум, көзүн жаптым, көзү ачык кетпесин деп.
Бул жерде татарлардын мүрзөсү бар, ошол жерге койдум. Кыркын өткөрдүм. Бул жерде качып жүргөн кыргыздардан 10-15 келди. Мен өзүм татарлардын уюшмасында турам, алардан 10-15 келди. Татарлардын уюшмасы 20-жылдарда Түндүк Кавказдык мусулмандар менен татарлар биригип, Американын исламдык жамааты деп жамаат курган, ошону улантабыз. Азыр анын атын “Ата” деп өзгөртүштү. Аялың татар болгондон кийин жарты татарсың дешет, мен бардыгына ыраазы болдум. Талашпадым, анткени татардыкы болсо да мага баары бир, анткени мусулмандар.

- Азамат аба, азыркы бийликке канчалык ишенбөөчүлүк билдирдиңиз, буга эмнелер себеп болуп атат? 15 жылдан берки тонолуп, Акаев элди отургузду деген пикирлер бар, ошондой эле азыркы бийлик эч нерсе жасабай атат деген пикир бар. Бирок азыркы бийлик аракет жасап атабыз, экономикалык кризистен алып чыгабыз деп элди үмүттөндүрүп атат?

- Азыркы президент да, премьер-министр да Акаевдин кол жоолуктары болуп жүгүрүп жүргөн. Алар биринен-бири ажырашалбайт. Канча аракет жасасаңар да, аркаңар бок болуп калган. Аны тазалаш үчүн дагы 15 жыл керек.

- Деги кыргыздар улут катары бутуна туруп кете алабы. Эл аралык мааниде өздөрүн көрсөтө алабы?

- Эгерде тарыхты алсак, мындан жаман күндөрдү башынан өткөргөн кыргыздар. Андыктан кыргыздарда үмүтүм бар, кыргыз улутун сактап калат деген. Акаевге окшоп алдансаңыздар, бири-бириңе жол бербесеңиздер өзүңөрдү өзүңөр кууратасыңар.

- Бир топ китептериңизди Кыргызстанга жөнөттүм, Колумбия университетине калып атат дедиңиз эле. Ошол архивди жайгаштырдыңызбы?

- Архивим менен газеталарды Колумбия университетине жайгаштырдым. Калган архивим Жалалабат университетине кетти.

- Азыркы учурда өкмөттүн жакшы сыйлыгын берсеңер Азамат Алтайга деген суроо беришет айрым угармандар?

- Эгерде менин кылган ишимди баалап, баалуу сыйлык берсеңиздер мен каршы эмесмин. Эмгек кылдым, аны өзүм да билем. Кудайга мертебе шүгүр эмгегим талаага кетпеди. Эгемендик деген сөздү билбеген кыргыздар эгемендигин алды. Силердин эгемендигиңер асмандан түштү, эмне кыларыңарды билбей башыңар ооруп калды. Эгемендикти жакшы сактай, урматтай билбедиңер. Мен ошол үчүн күрөшкөн элем. Эгемендик келип кыргыздар өзүлөрүн калк катарына кошуп алса дегем. Африкада жүздөгөн мамлекеттер өзүлөрүнүн адамдарын акырындап куруп атат. Миң жылдык тарыхы болгон кыргыздар кура албай атасыңар. Буга мен капамын, каным кайнайт, көзүмдөн жаш агат, бардыгын айтып жеткире албайм.

- Азамат аба, убакытты өткөрүш үчүн эмне иш кылып атасыз, эс алууңуз кандай?

- Оору менен алышам. Мындан бир жыл мурда колума кагаз ала албай, колум титиреп окуй албай, калем менен атымды жаза албай калгам. Азыр Кудайга шүгүр акыркы айларда колума калем алып жазам, газеталарды, китептерди окуп атам.

- Ушул күнү арманыңыз, бактыңыз деп эмнени эсептейт элеңиз?

- Менин арманым силердин аяк басышыңар. Аяк баса албай тентип турасыңар. Он беш жашар бала акылдуу болсо эл башкарат дейт, силер болсо 15 жылдын ичинде боткодон боткого батып атасыңар.

- Көпчүлүк адамдар, кайсы мезгилде өзүн бактылуумун деп сезет экен, ошондой эле Азамат Алтай деп качан аталды экен деп сурашат?

- Азамат Алтай деген атты мен Америка граждандыгын алганда, Кудайберген Кожомбердиев деп америкалыктар сүйлөй албайт, ошондо Алтай деген ат келди мага. Байыркы заманда кыргыздар Алтайда жашаган, Азамат деген атты алтайлыктардын бир азаматы болойун деп алгам.

- Ошол маалда Кыргызстандык кайсы улутташтарыңыз менен иштештиңиз?

- Халасекун, Бейнипсен, Бенсинк деген профессорлор бар. Бенсилк деген профессор Майнс университетинин ректору болуп турганда жыйнаган 5 миң том китебимдин жарымын университетке сыйлык кылдым. Кайрис Канатбай деген казак менен, Аманберди Мурат деген түркмөн менен иштештим.

- Пакистанда көз жумган Жаныбек Казы деген адамды бир жерден окуп, же угуп калганыңыз барбы?

- Кыргызстанда жүргөндө басмачылардын Жаныбек Казы деген башчысы болгон деп уккан элем. Кийин Кудайга шүгүр мен анын эки небереси менен Азаттык радиосунда иштедим. Ал байкуштарда билими жок, таякесинин артынан күн көрүп келгендер эле. 1937-38-жылдарда Токмок шаарында пионер вожатыйлардын курсу ачылды, ошондо 42 райондон бирден бала келдик. Аалы Токомбаевдин кутуруп турган заманы эле. Аалы Токомбаевдин Кыргызстанга кылган зыяны, кыргыз интеллигенциясын жоготушу мени ар заманда кайгыртат.

- Кыргызстан элине сиздин каалооңуз?

- Миң жылдык тарыхында зордукка-кордукка чыдап келген дагы чыдап ушул көпүрөдөн өтөсүңөр деген оюм бар. Ушундан эптеп өтүп алсаңар, кийин мамлекет, эл катарында тарыхый атыңарды жоготпой калсаңар болду мага.

- Азамат аба, сиздин бул жака келгенге ден-соолугуңуз болбой жатабы?

- Азыр эч жака жыла албайм, таяк менен акырын-акырын гана үйдө баспасам, эч жака баса албайм.

- Бир кыргыз кызына жоолугуп, 100 грамм топурак ала келчи Кыргызстандан деп сурандым деп айтканыңыз бар эле. Ошонуңуз аткарылдыбы?

- Мен Чоңташтан топурак ала кел деп сурандым. Ал алып келип берген, топурак азыр үйүмдө турат.

- Согуш мезгилинде туткунга түшүп кеткениңиз эсиңизге түшөбү?

- Албетте түшөт. Адамдын өмүрүндөгү башка жолго түшүштүн бир жолу. Тагдырыма ушундай жазылган экен, туткунга түшкөн күндөрүм албетте анда-санда эсиме келет, түшүмө кирет. “Толкундар жээкте өлүшөт” деген видео тасмада чала-була чындыкка жакын жерлери бар.

- Азамат аба алыстагы тагдырыңызды бактылуу деп эсептейсизби?

- Жок, бактылуу деп эсептебейм. Бакыт мага келбеди. 55 жылдан кийин Кыргызстанга барып Ысыккөлдү көргөнүм, Каракол, Жалалабатта болгонум бактылуу күндөрүм болду. Ал заманда мен учуп гана жүрдүм. Кусейин ага, Түгөлбай ага менен көрүшүш мен үчүн бакыт. Чоңкеңешти, Жалилди, Казатты, Бексултанды көрдүм. Аскар Айтматов жүгүмдү ташып, атасына кандай урмат кылсам ал мага ошондой урмат кылды. Аны унутпайм.

- Суроолорго жооп бергениңизге ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бар болуңуз, оорубаңыз.

XS
SM
MD
LG