Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:42

АКШда ЖАҢЫ ТЕЛЕФОН ЖАҢЖАЛЫ ЧЫКТЫ


Нарын АЙЫП, Прага 11-май күнү АКШда жаңы скандал чыкты. USA Today деген гезит жарыялаган маалыматка караганда, өлкөнүн чалгындоо кызматтары миллиондогон америкалык жарандардын телефон сүйлөшүүлөрү тууралуу маалыматтарды телефон компанияларынан чогулткан. Президент Жорж Буш ошол эле 11-май күнү атайын билдирүү менен чыгып, аны менен эч мыйзам бузулбаганын билдирди, бирок жарыяланган маалымат - Борбордук чалгындоо агенттигинин башчылыгына көрсөтүлгөн Майкл Хайдендин дайындалышына таасир тийгизиши мүмкүн.

Окшош скандал Америкада өткөн жылдын аягында да чыккан. "Нью-Йорк таймс" гезити 16-декабрда жазып чыкканга караганда, өлкөнүн чалгындоо кызматтары жарандардын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшаган.

Америкалык мыйзамдар боюнча, андай кылуу үчүн сөзсүз сот чечими керек, бирок дүйнөлүк террорчулук менен согушуп жаткан учурда өкмөт кээде андай чечимсиз аракеттенген. Маселе боюнча Конгресс атайын комиссия түзгөн, өкмөттүн айтымында болсо, эл аралык телефон сүйлөшүүлөрү гана тыңшалган жана бардыгы болуп беш жүзгө жакын гана адамдын артынан жашыруун тыңчылык жасалган.

Азыр жарыяланган маалыматка караганда болсо, өлкөнүн ичинде жашаган миллиондогон адамдын телефон сүйлөшүүлөрү тууралуу маалымат үч негизги телефон компаниясынан Улуттук коопсуздук агенттигине берилген. Ал компаниялар - "Эй-ти энд Ти", "Веризон" жана "Белл саузт" дегендер болгон, бирок коопсуздук агенттиги ошондой эл маалыматты "Квест коммюникейшнз" деген компаниядан сураганда, ал маалымат бербей койгон.

Маалымат өзү - ким кай жерге качан телефон чалганы жана сүйлөшүү канча убакыт уланганы тууралуу гана болгон, бирок чогулган маалыматтын баарын коопсуздук кызматы компьютер аркылуу изилдеп, кимдин телефонун тыңшоо керек экенин аныктай алышы мүмкүн.

Конгрессмен Морис Хинчи дароо өкмөттү катуу сынга алды: "Бул өкмөт биздин өлкөгө коркуу сезимин таратып жатат жана алардын оюнда, андай маанай тарагандан кийин алар мыйзам бузууга да барып, эмне кааласа ошону жасай алышат, дал ошондой аракеттердин бири - Улуттук коопсуздук агенттиги түзгөн программа", - деди Хинчи 11-майда.

Президент Жорж Буш ошол эле күнү журналисттерди чогултуп, программа террорчулукка каршы күрөштүн бөлүгү болгонун билдирди: "Биринчиден, чалгындоо кызматынын аракеттери 'ал-Каида' уюму жана ага жардамдашкандарга каршы багытталган. 'Ал-Каида' биздин душманыбыз жана анын пландарын биз билиш керекпиз. Экинчиден, ички телефон сүйлөшүүлөрүн өкмөт соттун чечимисиз тыңшаган эмес. Жана үчүнчүдөн, чалгындоо кызматынын мен жактырган аракеттери толугу менен мыйзам чегинде болгон", - деди президент.

Эксперттердин айтымында, жаңы скандал - Борбордук чалгындоо агенттигинин деректирлигине көрсөтүлгөн Майкл Хайдендин дайындалышына эми тоскоолдук түзүшү мүмкүн, анткени 2001-жылдын сентябрындагы террор аракеттеринен кийин Улуттук коопсуздук агенттиги телефон компанияларынан маалымат чогултуу программасын баштаганда, генерал Хайден ал агенттиктин башчысы болчу.

XS
SM
MD
LG