Бир жолку жолугушууда Ысыкем алтымыш жашка чыкканда жолдош-жоролорунан, коомчулуктун аттуу-баштуу жетекчилеринен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду уккандан, кучагы толгон гүлдөрдү алгандан кийин туулган күндүн күнөкөрү катары залда отурган элдерге куйкумдуу тамашалары менен мындайча кайрылган эле.
-“Өлүп көрүптүрмүн дегендей туулган күнүмдү өткөрүп көрбөгөндөн кийин салтанаттын акырында мага сөз берди. Жанымда отурган жазуучу, драматург Токтоболот Абдумомуновго кайрылып –"Элдин баары жерге, сууга тийгизбей мактады. Эми эмне деп сүйлөйм десем. Күлгөндөй бир деме айт – деди. Айлам кетип, башымды кашып-кашып алып, тикемден туруп:
О, айланайын туугандар,
Келгениңерге ыракмат.
Артисттер келип концерт коюп
Бергениңерге ыракмат.
Мен алтымыш деген жаштамын.
Кырк ажы деген нерседен,
Кың дебей өтүп келгемин.
Алтымыш деген жаштамын,
Аксакал боло баштадым.
Айланайын туугандар,
Эми мени сыйлагыла,
Жамандык кылбагыла.
Айланайын туугандар,
Эми мени жакшылап баккыла,
Жалаңкыч келсе каткыла,
Билбейбиз кайда кеткенин деп айткыла.
Бул жерде жок деп айткыла,
Ага дагы болбосо таап бер деп толгосо,
Андай-андай сөздөрдү кээде
Кыйылтса келет эбине,
Кыргызды таап келем деп,
Жакында Крымга кеткен,
Крымда жүрсүн таба албай,
Кара деңизде каңгырап кабар алалбай,
Ошо жерде жүрүп таба албай.
Ага да болбой урушса,
Таап бер деп турушса,
Айланайын туугандар,
Андай да сөздү таап айтса,
Болот эбине
Тамаша кылып келем деп,
Бая күнү Тайгага кеткен дегиле,
Тайгада жүрсүн таба албай.
Токойдо жүрсүн жалаңкычтар,
Топтошуп кабар алалбай,
Айланайын туугандар,
Ушундай деп айткыла.
Ага да болбой жаңжал салышса,
Чогулуп калышса,
Айланайын туугандар,
Андай сөздү угушпай кууланса,
Кудагыйын ээрчишип,
Бая күнү Кубага кеткен дегиле,
Деңизден билет ала албай,
Жалдырап туруп калышсын.
Эми айланайын туугандар
Ага да болбой урушса,
Жалаңкычтардын баарысы,
Жабыла келип тургула
Айланайын туугандар,
Ушул сөздү туура алгыла,
Базардын наркын булгаган,
Базардын баасы бир орунга турбаган
Ошол жерге баргыла.
Баарыңар эле базарга барасыңар
Ошондо жолдон эле кармап аласыңар.
Ага болбосо,
тозоктун жайын билет деп,
Бейиш, тозок жөнүндө
Толгон сөз айтып жүрөт деп
Чоң мечитке баргыла.
Толуп аткан сопу бар
Алгыла деп, ортосуна салгыла,
Каалаганыңарды кылгыла,
Мени ажыратып койгула.
Ага да болбосо,
Балдарга жардам бербеген,
Беш тыйындык иш кылбаган,
Бекер чай ичип тердеген,
Колхоздо далай чалдар бар.
Ошого алып баргыла,
Айылдан эле табасың.
Көлкөнү карасаң,
Көбүн таап кармап аласың,
Ошолордон кармап бергиле.
Айланайын туугандар,
Жалаңкычка айтпагыла,
деп отургандарга кайрылганымда,Сизди жалаңкычка айтпайбыз –дешип дуулдатып кол чабышты.
Кудайга шүгүр эми аман жүрө кармап аласың дедим.
Баке сага айтарым,
Атаңдын аты кекилик.
Жаш кезиңде ойноп күл,
Таштан ташка серкирип,
Кокустан жалаңкычтар келсе
Таштын үстүнө жаткын бекинип.
Ошондон кийин ооруп калып эки-үч күн ооруканада жаттым. Анан көргөнү келгендер айтышат : “Ушундай-ушундай дедиңиз эле дейт. Мен жалаңкычтар келген экен алыстан көрдүм. Ак халат кийип доктур аялдардын арасына туруп алдым эле таппай кетип калышты – дедим.
-“Өлүп көрүптүрмүн дегендей туулган күнүмдү өткөрүп көрбөгөндөн кийин салтанаттын акырында мага сөз берди. Жанымда отурган жазуучу, драматург Токтоболот Абдумомуновго кайрылып –"Элдин баары жерге, сууга тийгизбей мактады. Эми эмне деп сүйлөйм десем. Күлгөндөй бир деме айт – деди. Айлам кетип, башымды кашып-кашып алып, тикемден туруп:
О, айланайын туугандар,
Келгениңерге ыракмат.
Артисттер келип концерт коюп
Бергениңерге ыракмат.
Мен алтымыш деген жаштамын.
Кырк ажы деген нерседен,
Кың дебей өтүп келгемин.
Алтымыш деген жаштамын,
Аксакал боло баштадым.
Айланайын туугандар,
Эми мени сыйлагыла,
Жамандык кылбагыла.
Айланайын туугандар,
Эми мени жакшылап баккыла,
Жалаңкыч келсе каткыла,
Билбейбиз кайда кеткенин деп айткыла.
Бул жерде жок деп айткыла,
Ага дагы болбосо таап бер деп толгосо,
Андай-андай сөздөрдү кээде
Кыйылтса келет эбине,
Кыргызды таап келем деп,
Жакында Крымга кеткен,
Крымда жүрсүн таба албай,
Кара деңизде каңгырап кабар алалбай,
Ошо жерде жүрүп таба албай.
Ага да болбой урушса,
Таап бер деп турушса,
Айланайын туугандар,
Андай да сөздү таап айтса,
Болот эбине
Тамаша кылып келем деп,
Бая күнү Тайгага кеткен дегиле,
Тайгада жүрсүн таба албай.
Токойдо жүрсүн жалаңкычтар,
Топтошуп кабар алалбай,
Айланайын туугандар,
Ушундай деп айткыла.
Ага да болбой жаңжал салышса,
Чогулуп калышса,
Айланайын туугандар,
Андай сөздү угушпай кууланса,
Кудагыйын ээрчишип,
Бая күнү Кубага кеткен дегиле,
Деңизден билет ала албай,
Жалдырап туруп калышсын.
Эми айланайын туугандар
Ага да болбой урушса,
Жалаңкычтардын баарысы,
Жабыла келип тургула
Айланайын туугандар,
Ушул сөздү туура алгыла,
Базардын наркын булгаган,
Базардын баасы бир орунга турбаган
Ошол жерге баргыла.
Баарыңар эле базарга барасыңар
Ошондо жолдон эле кармап аласыңар.
Ага болбосо,
тозоктун жайын билет деп,
Бейиш, тозок жөнүндө
Толгон сөз айтып жүрөт деп
Чоң мечитке баргыла.
Толуп аткан сопу бар
Алгыла деп, ортосуна салгыла,
Каалаганыңарды кылгыла,
Мени ажыратып койгула.
Ага да болбосо,
Балдарга жардам бербеген,
Беш тыйындык иш кылбаган,
Бекер чай ичип тердеген,
Колхоздо далай чалдар бар.
Ошого алып баргыла,
Айылдан эле табасың.
Көлкөнү карасаң,
Көбүн таап кармап аласың,
Ошолордон кармап бергиле.
Айланайын туугандар,
Жалаңкычка айтпагыла,
деп отургандарга кайрылганымда,Сизди жалаңкычка айтпайбыз –дешип дуулдатып кол чабышты.
Кудайга шүгүр эми аман жүрө кармап аласың дедим.
Баке сага айтарым,
Атаңдын аты кекилик.
Жаш кезиңде ойноп күл,
Таштан ташка серкирип,
Кокустан жалаңкычтар келсе
Таштын үстүнө жаткын бекинип.
Ошондон кийин ооруп калып эки-үч күн ооруканада жаттым. Анан көргөнү келгендер айтышат : “Ушундай-ушундай дедиңиз эле дейт. Мен жалаңкычтар келген экен алыстан көрдүм. Ак халат кийип доктур аялдардын арасына туруп алдым эле таппай кетип калышты – дедим.