Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

МАСКӨӨ ОБУЛУСУНДА ОН БИР КЕЛГИН ЖУМУШЧУ ӨРТТӨНҮП ӨЛДҮ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Москва алдындагы Красногор районунда кечөө түнү чыккан өрттөн өлгөн бери дегенде 11 кишинин өлүмү жана 4 кишинин жарадар болушу боюнча Москва обулустук прокуратура кылмыш ишин козгогон. Агенттиктер жазганга караганда мерт болушкан келгин жумушчулардын баары Орусиянын башка жерлеринен келген кишилер болушкан. Алар ал жердеги жаңы микрорайондун курулушунда иштешкен экен. Өрттүн чыгышы боюнча бир нече божомол ой айтылууда.

Өрт Маскөө дайрасынын Красногор району аркалуу өтчү жеринде «Пашиндин жайыгы» деп коюучу ээн жерге тургузулуп аткан тамдар жанынан чыккан. Ал жерде орусча «бытовка» деп коюучу дегинкиси жумушчулар түнүчүндө аспаптарын сактачу жыгач сарайлардан чыккан. Андай сарайлардан алтоо катар күйгөн жана ичинде уктап жаткан, алдын ала айтыла баштаган болжолдо, ондон ашуун жумушчу түтүнгө уугуп өлүшкөн. Төртөө ооруканага жеткирилген.

Аларды куткаргандар айтымында өлгөндөр эсеби арбышы мүмкүн. Өрт 100 чарчы метр жерге жайылган жана аны өчүрүү бир сааттан ашуун убакытты алган.

Эмнегедир өрт түнкү саат 4 тө чыккан. Маскөө обулустук прокурору Сергей Васильев бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун айтып анан анын чыгышына токтолду:

«Өрттүн чыгышы, кантса да, бул курулушту ишке ашырып аткан компания жетекчилигинин өрттөн сактануу эрежесин бузууга жол бергендигинен келип чыккан», - деди. Прокурор өлгөн кишилер Смолен жана Тамбов обулустарынан келгендер экенин айтты. Бирок «ЭКО-ЭК» курулуш компаниясында өрт кырсыгынан өлгөндөр ичинде КМШ өлкөлөрүнөн келген мигранттар да болушу мүмкүн деген болжолду башка агенттиктер жазышты.

Маскөө тегерегинде курулуштарда иштегендер дээрлик Украина, Молдова, Беларус, Кыргызстан, Тажикстан ошондой эле орусиялык башка аймактардан иш издеп келгендер. Ачыгын айтканда «бытовкада» жашаган мигранттар арасынан өрт чыгуу кыйла бар. Ярославское шоссенин 33 чакырымында былтыр жайда курулуш «бытовкадан» чыккан өрттөн 5 беларустук курулушчу өлгөн. Быйыл Мытишы районуна караштуу Шереметово кыштагында алты тажикстандык мигранттар да өрттөн өлдү. Маскөөнүн ичинде жүрүп аткан курулуштарды ала келгенде, 27 февралда Духовой переулокто өрттөн 7 киши көз жумду. Арадан эки күн өтпөй баш калаанын Чыгыш округунда дагы 4 киши каза болду.

Орусиянын чукулку кырдаалдар министрлиги айтканга караганда ушунун баары демейдеги санитардык жана өрттөн сактануу эрежесин бузуудан улам болуп атат.

Азыркы тушта мигранттардын мындай шартта жашашы кай тарапка болсун жагат дейт «Адам укугун коргоо үчүн» уюмунун лидери Лев Пономарев:

«Андай шарт жумуш бергендер үчүн пайдалуу. Андай шарт - бир караганга таң каларлык болуп көрүнгөнү менен - жумуш издеп келгендер үчүн да пайдалуу. Эмне дегенде алар бийликке салык төлөөгө чамасы чак. Калганы аз келгенсип жумуш издеп келгендерден эми салык алуу болсо анда алар жалдырап олтуруп калган абалга дуушар болушат», - дейт Пономарев мырза.

XS
SM
MD
LG